КОШ-ДӨБӨ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КОШ-ДӨБӨ — топоним. Коңурбай Бокмурундан Мааникерди өкүм менен сураганда Манас ачуусу келип чабуул койгондо, Коңурбай коркконунан тартуу тартып кутулган жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 143). Географиялык реалияда Каркыра өрөөнүндөгү жер.