Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОШОЙДУН-КАРА-ТООСУ — Ала-Тоо түркүмүндөгү тоо, Нарын жана Ат-Башы өрөөнүнүн ортосунда, Нарын тоо тизмегине кирет. Узундугу 27 км. Орточо бийиктиги 3530 м, эң бийик жери 4066 м (Кошойдун чокусу). «Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Катагандын кан Кошой кароол караган бул тоо эл арасында К.-К.-Т. аталат. Тоодон 50—60 км түштүк-чыгыш тарапта Ат-башы, Кара-Коюн өрөөнүнүн таманында Кошойдун коргону жайгашкан. Уламышта Кошой баатырдын Кара тоонун чокусундагы Манастын ордосунда туруп «балдар атка чөп салып койгула, малды сугаргыла, чыгаргыла» дегени коргондогуларга кадимкидей угулуп турчу экен деп айтылат.