Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кошок кошуу. Кошок айтуу.
КОШОК II зат. Кой-эчкилердин бири-бирине тизмектелген, моюндарынан байлаштырылган тобу. Койлор саалып, кошоктор тартылар менен, бээлер да саалып, Кулундар да агытылды («САЖИ»). Короо-короо кой айдап, Кошогу менен саткан көп (Осмонкул).