Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОШОЙ-КОРГОН — топоним. Ат-Башы кыштагынан 12 км батышта Кара-Коюн суусунун сол жээгиндеги эки бөлүктүү негизги чептен жана узун дубал менен курчалган кыйла чоң аянттан турат. Дубалдын бийиктиги 7 м, бурчтарына жана дубалды бойлой мунаралар курулган. Дубалдын үстү менен ат араба кенен жүргөн экен. Изилдөөлөргө караганда 10—12-кылымдарга таандык, мурдагы курулуш калдыктары учурайт.
Кошой-Коргон (Ат-Башы өрөөнү).
Кошой-Коргон (Ат-Башы өрөөнү).

Элдик уламышта «Манастагы» негизги каармандардын бири Кошойдун аты менен байланыштырылат.