Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге кошумча кылуу, кошумчалап көбөйтүү, бириктирүү, аралаштыруу. Уйларды бадага коштуңбу? («Ала-Тоо»). Май, кант кошуп аралаштыргыла («Ала-Тоо»). Бизди тойго айткан экен. Актык иш эмеспи, бир козу кошолу (Касымбеков). Таң жели алпештенип согулганда Гудок да үнүн кошту болжоп таңга (Бөкөнбаев). 2. Баш коштуруу, турмуш курдуруу, үйлөндүрүү. Эр Курманбек баатырга, Канышайды кошомун («Курманбек»). 3. Арабага, сокого атты, өгүздү чегүү. Араба кошуп ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул). Жумагүлдөр кайра келип сокону кошкон кезде, таң сергий берди (Элебаев). 4. Кимдир бирөөнүн, көбүнчө көз жумган адамдын кылган иши, кыял-жоругу, турмушу ж. б. жөнүндө айтып ырдоо же ыйлоо, кошок айтуу. Алима эже өзүнүн каргылданган үнү менен күйөөсүн кошуп ыйлап жатты (Абдукаримов). Султаным атам өттү деп, Үйүңдө кошуп ким калат (Жантөшев). 5. Жамакчылык кылуу.