Киргизско-русский словарь Юдахина
кел I
ир. южн. [кәл]
то же, что таз I;
кэл эчки
1) комолая коза;
2) название игры.
кел- II
(в изолированном виде как повеление, часто ке-)
1. двигаться сюда, по направлению к говорящему (приходить, приезжать, приплывать и т.д.);
"кел" демек бар, "кет" демек жок погов. пора и честь знать (букв. "приходи" говорят, а "уходи" не говорят, т.е. гость сам должен догадаться);
келген-кеткендер посетители;
келди-кетти посещение;
силердин үйдө келди-кетти көп у вас в доме много бывает посетителей (по делу или гостей);
машинанын келер-кетерине жетер май горючее в количестве достаточном, чтобы (авто) машина могла отбыть и прибыть;
жөө кел- пешком прийти;
атта кел- или атчан кел- приехать на лошади;
учуп кел- прилететь;
жүгүрүп кел- прибежать;
кайтып кел- прийти (приехать) обратно; возвратиться;
барып кел- сходить, съездить (отправиться и возвратиться);
барганыбыздан келгенибиз бат болду мы спешно отправились и ещё быстрее возвратились (мы там были очень недолго);
келип-кетип тур ты захаживай, заходи (сюда, ко мне) иногда;
келип кетти он заходил; он был, да ушёл;
алып кел- принести, привезти;
келер кышка на будущую зиму, будущей зимой;
2. достигать;
айланасы жүз саржанча келген бир таш короо каменная ограда, в окружности равная ста саженям;
белден келген чөп трава по пояс;
киши бою келген чалкан кралива в рост человека;
тең кел- быть равным, равняться;
ага тең келген эч ким жок ему нет равного; с ним никто не может равняться;
тизесинен келген сары тон жёлтая (дублёная) шуба по колено;
3. быть соразмерным, соответствующим;
бардык мүчөсү келген ат стройная лошадь;
4. исполняться, сбываться;
айтканың келсин! да исполнится твоё доброе пожелание!;
5. быть, являться чем-л., каким-л.;
аял боорукер келет женщины мягкосердечны;
6. быть какого-либо веса, какой-л. меры;
беш бут келбейт пяти пудов не будет, не потянет;
он метр келет будет десять метров;
7. с предшеств. формой на -гы иметь желание;
уккуң келип турса если тебе хочется слышать;
баргым келбейт мне не хочется идти, у меня нет желания идти;
кылгысы келбейт ему не хочется делать;
алдагысы келет ему хочется обмануть;
жегиси келет ему хочется есть;
8. начинать, приступать;
дүнүйөм көрбөй тыйынча, чачканымдан келейин, Таластан качып жөө тентип, кулунум, качканымдан келейин фольк. начну-ка я (рассказывать) о том, как, не воспользовавшись ни одной копейкой из сокровищ, я разбросала их, начну о том, мой жеребёнок, как я бежала из Таласа, скитаясь пешком;
9. в роли вспомогательного глагола указывает, что действие совершалось или совершается непрерывно;
бир нече жылдан бери жолдош болуп келдик в течение нескольких лет (и до сего или до какого-то определённого момента) мы были товарищами;
бир катар иштер иштелбей келди некоторые дела до сих пор не делались;
иштеп келе жатат он работает (с какого-то момента и по настоящее время);
терек жыгылып келатат тополь падает (сюда);
ушундай болуп келди жана мындан ары да ушундай болот так было и так будет;
мен сага кат жазбай келдим жана мындан ары да жазбайм я тебе (до сих пор) писем не писал и впредь писать не буду;
башыма келсин! ручаюсь головой!;
тилиңе келгир! типун тебе на язык!;
бооруңа келгир! язва тебе в печень!;
кел-кели келип турат ему везёт;
кел-келине келгенде келинден мурун кыз тууйт погов. когда повезёт, так девица раньше молодухи родит;
колдон кел- быть по силам;
колунан келет он может, он в состоянии, ему по силам;
колунан келбейт он не может, он не в состоянии, ему не по силам;
колдон келди кыл- поступить по своему произволу, как моя левая нога хочет;
мени колдон келди кылдың ты поступил со мной как хотел, по своему произволу;
сөзгө кел- согласиться на уговоры;
"өзүм шашып жүрөм" деди да, башка сөзгө келгени жок он сказал "я тороплюсы" и больше ни о чём говорить не хотел;
келер-кетер ишти ойлоп, келечегин абайлайт он смотрит в будущее, обдумывая то, что происходит;
келер-кетер кептерден аңгеме да салабыз стих. мы поболтаем о том о сём;
келер-кетер сөздөрдү айтышып отурушту они сидели и калякали о том о сём;
келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты они переговорили обо всём, о всякой всячине;
келер менен кетерди, абайлап мурда билүүчү фольк. тот, кто предусмотрительно знает всё, что должно случиться (букв. что придёт и что уйдёт);
ушундан келгенди көрөйүн! чёрт с ним, пусть делает, что хочет! (я его не боюсь);
чыга кел- см. чык- IV.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир жерден экинчи жерге баруу, белгилүү бир жерге, орунга, үйгө ж. б. баруу. Коноктор айтылган күнү эрте келишти. Окуучулар мектептен тарап, үйлөрүнө келишти. Келин жаман эмес, келген жери жаман (макал).
  1. 2.                  Бирөөнү чакырганда же чакыргандыкты билдирүү иретинде айтылат.
  2. 3.                  Жашка толуу, чыгуу. Жигиттин болор кези замандашы, Оролуп он жетиге келген кези (Турусбеков).
  3. 4.                  Жүрүү, согуу. Жакадан жылуу жел келди, Жылуу жел жерге дем берди (Шүкүрбеков).
  4. 5.                  Бир нерсенин көлөмүн, ченин, өлчөмүн, санын белгилөөдө айтылат. Белден келген чөп. Киши бою келген чалкан. Узундугу он километрдей келген жер. Жүз центнерче келген эгин. Алган айгыгы жүз сомчо келет.
  5. 6.                  Сапатты, мүнөздү билдирүүдө колдонулат. Аял боорукер келет. Жардылар кайрымдуу келет.
  6. 7.                  Билинүү, сезилүү. Буркурап атырдын жыты келет (Шүкүрбеков).
  7. 8.                  Келишкен, жарашкан, сымбаттуу. Бардык мүчөсү келген ат.
  8. 9.                  Каалоону, эңсөөнү, тилекти билдирүүдө колдонулат. Баргым келет. Уйкум келет. Ар дайым сенин жаныңда болгум келет.
  9. 10.              Пайда болуу, жаралуу. Жини келди. Ачуусу келди.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир жерден экинчи жерге баруу, өтүү, барып түшүү. Барпы үйүнө келгенде, көңүлү ачылып, кумары жазылып, жыргап калуучу (Байтемиров). Туулдум беле насыпсыз? Тутулуп келдим жазыксыз (Токтогул). Жаштар эмгектен келишкен соң, клубдарга топтошуп, эки-экиден бийлеп чыгышат (Сыдыкбеков). Жанты бир аздан соң мында келет («Ала-Тоо»). 2. Бирөөнү чакыруу, чакырып келтирүү иретинде айтылат. – Апай! – деди ошол замат ажардуу карап Акия,– мындай келип отуруңуз (Сыдыкбеков). 3. Жашка толуу, чыгуу. Журт атасы Көкөтөй, Узагыраак карыптыр, Жетимиш бешке келгенче, Бала көрбөй калыптыр («Манас»). Жигиттин болор кези замандашы, Оролуп он жетиге келген кези (Турусбеков). 4. Нерсенин көлөмүн, ченин, өлчөмүн, санын же кандайдыр бир сапатты, абалды белгилөө үчүн айтылат. Киши бою келген чалкан. Жүз центнер келген эгин. Арыгынан келген орто бойлуу адам. Аял боорукер келет. Жарды-жалчы кайрымдуу келет. 5. Жүрүү, согуу. Жакадан жылуу жел келди, Жылуу жел жерге дем берди (Шүкүрбеков). Толкун келет, толкун келет өркөчтүү (Бөкөнбаев). 6. Жыл мезгилинин же белгилүү бир учурдун, маалдын башталышын, пайда болуп, жаралып келаткан абалда экендигин билдирет. Кыш келди. Жаз келди. Жай келди. Эл жайлоого көчөр маал келди. Эгин орулуп, бышыкчылык башталар кез келди. Балдар окууга барар кез келди. 7. Пайда болуу, болгондугу, бар экендиги сезиле баштоо, билинүү, туюлуу. Жыт келди. Ис келди. Уйкусу келди. Көңүлү келди. Ачуусу келди. 8. Атоочтук форма -ган аркылуу «келишкен», «мыкты» дегенди билдирет. Бардык мүчөсү келген ат. 9. Айткан-дегени, эңсегени, ойлогону, тилеги орундалуу, ордунча болуу, өзүндөй болуп чыгуу. Сенин айтканың келди. Самаганың, тилегиң келди. Айтканыңдай келди. Сен ойлогондой келди. Анын болжогонундай келди. 10. Негизги этишке айкашып, бир нерсени каалагандыкты, ниеттенгендикти, самагандыкты ж. б. билдирет. Баргым келди Көргүм келди. Иштегиси келди. Уккуң келеби? Жегиси келет. 11. Негизги этишке айкашып, «бир нерсе жөнүндө баяндайын», «жөнүн айтайын», «айта баштайын» деген мааниде колдонулат. Дүнүйө көрбөй тыйынча, Чачканымдан келейин. Таластан качып жөө тентип, Кулунум качканымдан келейин («Семетей»). 12. Негизги этишке айкашып, кыймыл аракеттин болгонун же болуп жатканын билдирүү үчүн колдонулат. Ал күндөр көз алдына келип жатты (Маликов). Кыз азыр зымыраган машинада жолоочулап келе жатат (Сыдыкбеков). Жадырап-жайнап чыга келди (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. широкий, просторный;
кең багалек келбер шым фольк. широченные штаны, сильно расширенные книзу;
2. перен. (о человеке) мягкий, отзывчивый; сговорчивый;
келбери бар киши или келбериси бар киши человек мягкого характера, отзывчивый человек.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от келбер
иметь важный вид;
келберсиген дородный;
келберсип күлүк ат минген баатырлар да бар эле го бул элде стих. у этого народа были и богатыри, важно восседающие на скакунах.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келбеттүү, сын-сыпаттуу болуп көрүнгөнсүү, ушундай болууга аракеттенүү. Болуш келберсип ыңгыранып койду (Сыдыкбеков). Кебез бел боо, кең өтүк, Келберсиген көй кашка, Кечилдин каны Коңурбай («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каза болуу, өлүү, дүйнөдөн кайтуу, көзү өтүү. Өчөгүшкөн эки душман колунан, Көптөн бери даярдаган огунан, Келбес жолго көп кетти (фольк.). В.: Келбес сапар жол тартуу. Ошол жылдын кышында атам келбес сапар жол тартты («Кыргызстан маданияты»). Келбес сапарга кетүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
фигура, осанка;
келбети келишкен красивый; статный, осанистый;
уул жакшысы - урмат, келин жакшысы - келбет погов. лучший из сыновей (тот, кто) почтителен, лучшая сноха (та, которая) статна;
келбети келгенден кеңеш сура погов. совета спрашивай у того, кто выглядит симпатичным.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын сын-сыпаты, турпаты, жалпы көрүнүшү, элеси, сымбаты. Сулуунун көркү келбетте, Шурунун көркү берметте (Токтогул). Сабиранын келбети, чырайы кыздардыкынан кем эмес (Сасыкбаев). Келбетин көрүп болдум таң, Жаратылбайт мындай жан («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрүнүшү келишимдүү, сын-сыпаттуу, келбети көркүнө чыккан. Батийнанын кынап койгондой таза, келбеттүү мүчөсүнө күрөң кызыл жараша түшчүдөй (Сыдыкбеков). Зина аттуу келбеттүү кыз Сапарга ашык болду (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келбети келишкендик, көрктүүлүк, сулуулук, сымбаттуулук. Сырткы келбеттүүлүгүнө караганда Жумабек токтоо жигит болчу (Ашубаев). Келбеттүүлүгүнө караганда келин-кыздардын сыйына татыктуу боло турган киши ушул («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛГЕНДЕ КАТТОО – кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоону ишке ашыруунун жана аны менен мыйзамда каралгандан башка учурларда юридикалык жак жана жеке адамдардын арыздарынын негизинде, акысын төлөө менен жүргүзүлүүчү келишимдердин жолжобосу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пришелец;
2. перелётная птица;
келгин келиптир или келгин куш келиптир перелётные птицы прилетели;
эртең учуп келгиндер келишет завтра (скоро) прилетят перелётные птицы;
жарк этип көпкө көрүндүм жазгы келген келгиндей фольк. я вдруг показался народу, точно весенняя перелётная птица.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жылдын белгилүү мезгилинде келип, учурунда кайра кетип туруучу канаттуулар. Көгөрүп жердин бак-шагы, Келгиндер келе баштады (Шүкүрбеков).
2. Жергиликтүү эмес, башка жактан келген, сырт кишилер. Сарайдагылардын бардыгы келгин болгондуктан, 6ирин-бири тааныбайт (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылдын белгилүү мезгилинде келип, учурунда кайра кетип туруучу (канаттуу куштарга карата). Келгин куштар. Келгин куштай улам жазга кайткандай, Мен да өмүргө улам кайра кайта алам (Осмонов). Көгөрүп жердин бак-шагы, Келгиндер келе баштады (Шүкүрбеков). 2. Бир жактан келген, жергиликтүү кишилерден эмес. Кербен сарайда конгон кишилердин кимиси жергиликтүү, кимиси келгин экенин билбейсиң (Абдукаримов). Далай үйдү мен быйыл, Жат келгинден арылттым (Үмөталиев). Пароход кайра жылды кош деп эми, Жаш келгин ылдам түшүп кала берди (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. южн. [кәллә] (в впосе) голова;
кыпчакты өжөр деп уккам - кеспесе, болду, келдеми фольк. я слышал, что кыпчаки мстительны; хорошо, если они не отрежут мне голову;
жалгыздыктын айынан Олжонун Жийдеде калды келдеси фольк. из-за того, что Олджо был одинок голова его осталась в (местности) Джийде;
алдырайын келдеңди фольк. прикажу-ка я снять с тебя голову;
кэллэ-пэйчэ южн. кушанье из головы, ног и требухи овцы;
2. (или келдемиян) куски крупно нарезанного жира конской колбасы, положенные на мелко нарезанное варёное мясо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. диал. Баш. Тетиги элүүдөн ашкан ак топу, Эмне үчүн кыймылдап, Козголуп калган келдеси? (Токтогул). Кечиккен сайын күчтүүсү, Кесе берди келдени (Тоголок Молдо). 2. Тууралган эттин үстүнө кесип коюлган жылкынын чучугу, казысы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛДИБЕК Карбоз уулу —18-кылымда жашаган манасчы. К-тин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кабар, так маалымат бизге жетпеген менен анын таланттуу жомокчу болгондугун айгинелеген аңыз-уламалар бар. Манасчы болушун Манас жана анын чоролору түшүнө кирип «Манасты айт» деп аян бериши менен түшүндүргөн. К. «Манас» айтканда Манастын керемети аркылуу жайыттагы мал эч кимге айдатпай эле өзүлөрү келишкен. Манасчы кызыган кезде боз үй солкулдап, чак түштө күүгүм түшүп, Манас жана анын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турчу экен.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛДИКЕ — эпизоддук кейипкер. Каңгай уруусунун мыктыларынан. Аскер башчысы. Манас менен барып Тейиш кандын тоюна катышат. Манас Орго канды жеңгенден кийин Акунбешимге каршы жоого аттануу кеңешине да чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 94).

Киргизско-русский словарь Юдахина
келе I
дай сюда, дай мне;
келе колуңдагыны дай то, что у тебя в руке;
көрөмбү мен көрбөймбү, коштошслук келе кол фольк. увижу я (тебя) или не увижу (неизвестно), давай руку, попрощаемся;
"келе" деген доом жок у меня нет никаких долгов;
"келе" деген доом жок болсо, ыңк эткен оорум жок болсо! погов. (хорошо было бы) если бы ко мне не было долговых претензий, если бы у меня не было и маленькой болезни!;
келе бакан, куу (или көк) союл скандалист, драчун.
келе II
ир.
1. мишура или канитель (нитка);
2. название дорогой материи;
келеден чапан мен түйдүм фольк. я сшила халат из келе.
келе III
ир.
рогатый скот; корова;
желеде келе, уюм бар фольк. на привязи у меня есть рогатый скот, на привязи у меня коровы;
өңгүрөп калган келеси фольк. коровы его громко мычали.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Кымкап өңдүү ткандарга бастыруу үчүн колдонулуучу жезден жасалган ичке сым жип, же алтын – күмүштүн буусуна кармаган ичке жип.
2. Абдан кымбат баалуу кездеме, материал. Келеден чапан мен түйдүм
КЕЛЕ II этиш. Бер деп суроону билдирүүчү сөз. Акман аке, келе комузду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кымкап өңдүү кездемеге бастыруу үчүн колдонулуучу жезден жасалган ичке зым жип же алтын-күмүшкө буулатылган жип. Азапты тартып мен жүрдүм, Келеден чапан мен түйдүм («Эл адабияты»). 2. Абдан кымбат баалуу калың кездеме. Келеден чапан мен түйдүм.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн талап кылууну, бергин деп суроону билдирүүчү сөз. «Келе бери ай балтаны!» – деген катуу кыйкырык чыгып, боз үйдүн айланасына жете келген аттын дүбүртү угулду («Ала-Тоо»). Акман аке, келе комузду (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чыр-чатакты жакшы көргөн, уруш десе тура жөнөгөн, уу десе, чуу деген, чуулгандуу. Кандай келе бакан, куу союл жигиттердин жыйырмасын тандады (Үмөталиев). Буйругу жок, неси жок, келе бакан, куу союл боло баштадыңар го (Юсмоналиев). -Ээ, балам, сенсиз деле кыргызда келе бакан, куу союл аз эмес, - деди Бурма (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыр-чатакты жакшы көргөн, уруш десе тура жөнөгөн, уу десе, чуу деген, чуулгандуу. Кандай келе бакан, куу союл жигиттердин жыйырмасын тандады (Үмөталиев). Буйругу жок, неси жок, келе бакан, куу союл боло баштадыңар го (Осмоналиев). – Ээ, балам, сенсиз деле кыргызда келе бакан, куу союл аз эмес, – деди Бурма (Токомбаев). В.: Келе бакан. Келе бакан жигиттер бир-бирине карап, таңданып турушту (Укаев). Келе бакан, көк союл. Бул кайсы келе бакан, көк союл?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Чала, толук эмес уюган (көбүнчө айран, сүт жөнүндө).
Келегей тартып, ирип туруп алды (Убукеев).
2. Так, таасын сүйлөй албаган, тантык. Тили келегей. Тили.. келегей болгондуктан ал «р» тамгасын «й» деп айтчу («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Толук эмес, чала уюган, чалалыгы бар. Келегей айран. Келегей тартып ирип туруп алды. (Убукеев). 2. Таасын сүйлөй албаган, тили чалыштаган, тантык. Тили баланыкындай келегей болгондуктан, ал «р» тамгасын «й» деп айтчу («Жаш ленинчи»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: келем шарып или келеме шарып ар. коран, священное слово;
келем шарып карма- клясться на коране;
ак буудай унун чайнады, келеме шарып кармады фольк. (в подтверждение клятвы) он жевал муку из белой пшеницы и держал в руках коран.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛЕМЕ ШАРЫП (арабча келаму-шариф, калем — сөз, сүйлөм; шариф-ыйык) — эпостун негизги варианттарында эскерилген ислам дининин уютку китеби Курандын элестүү аталыштарынын бири (мисалы, келамул-керим — кайрымдуунун сөзү жана башкалар). К. ш. Манаста «куран» терминине синоним катары кеңири пайдаланылат. Убадалашуунун өтө олуттуу түрү — ант берүү маалында Манас жана анын ишенимдүү жөкөрлөрү, чоролору, талапкерлери, насаатчылары тарабынан К. ш. кармалган. Адатта К. ш. кармоо жөрөлгөсү кыргыздын мусулман динин кабылдаганга чейинки «ак буудай унун (нанын) чайноо», «колун канга малуу», жоокердик курал менен касам ичүү (кылыч мизин кармап же жалап, аккелтени оозанып жана башкалар) сыяктуу жөрөлгөлөрү менен тыгыз байланышта ишке ашкан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (чаще келеңкер чачпак) украшение из ниток с разными брелоками и побрякушками, приплетаемое к женской косе;
келеңкер чачпак келин бар, бойго жеткен уулу бар фольк. у него есть сноха с украшением на косе, у него есть взрослый сын;
2. этн. иносказательно змея;
алтымыш баштуу, жүз көздүү боору кызыл келеңкер, сырты чаар келеңкер, тыбыратпай, шыдыр чык! (из заговора против укуса змей) шестидесятиглавая краснобрюхая змея, внешностью пёстрая змея, не трепыхайся, выходи без задержки!

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛЕҢКЕР ЧАЧПАК — жаш келиндер, орто жаштагы аялдар аркасына өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу асемдик буюм. Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч, төрт бурчтук формадагы күмүш тыйын жибек чачыктардан турат. Эпосто К. ч. төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Келеңкер чачпак кең соору, Келбети нурдун кызылдай, Узун бойлуу жал-жал көз», (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131), «Келеңкер чачпак бир кучак, Май сооруда жаркылдайт, Балтыркандай солкулдайт» (Радлов жазып алган вариант). Келенкор кездемесинен жасалган чачпак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. моток;
келеп жип нитки в мотке (не на катушке);
бир келеп жип один моток ниток;
келеп темир фольк. тонкая металлическая проволока;
2. перен. южн. [кәләв]
то же, что чалма II;
оң-сол чалып оронгон мен кэлэвиң болоюн фольк. я буду твоим арканом, обвивающим (тебя) справа и слева.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Боло турган же болуп жаткан иштин шартына ылайык кеңеш катары айтыла турган ар кандай сөздөр. Келер-кетер сөздөрдү сүйлөдү («Ала-Тоо»). Келер-кетер сөздөрдү билип турган жан экен («Эр Төштүк»). Зуннахунга абдан таанышып калуу үчүн келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты (Жантөшев). ...Кайрат кыл... деп келер-кетер сөздөрдү айтып, жетилигин өткөргөнгө жеткирбей орокко алып чыктык (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Боло турган же болуп жаткан иштин шартына ылайык кеңеш катары айтыла турган ар кандай сөздөр. Келер-кетер сөздөрдү сүйлөдү («Ала-Тоо»). Келер-кетер сөздөрдү билип турган жан экен («Эр Төштүк»). Зуннахунга абдан таанышып калуу үчүн келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты (Жантөшев). Кайрат кыл... – деп келер-кетер сөздөрдү айтып, жетилигин өткөргөнгө жеткирбей орокко алып чыктык (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмки боло турган, келе турган, эми болуучу. Келерки жыл. Келерки жай. Келерки жолу. Келерки түшүм үчүн эртелеп кам көрө баштадык («Кыргызстан аялдары»). Ошентип, келерки жаз сөзсүз биздин жазыбыз болот! (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
келече, келеч:
кеп-келече или кеп-келеч или келеч сөз разговоры, новости, пересуды;
эмне (или кандай) кеп-келечиң бар? что скажешь?, с каким делом пришёл?
шаарда кандай кеп-келече бар? какие разговоры в городе? что в городе нового?
кеп-келеч айтышып, күлкү болуп, береке менен отурабыз мы сидим мирно, смеёмся, рассказывая всякую всячину;
кеп-келечте жок захудалый, никудышный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мааниси жок сүйлөй берүү маңызданып көп сүйлөө, – Эй Чегиртке, сен эмне деп келжирейсиң?! – деди Чаргын чечкиндүү кайталап (Сыдыкбеков). Келжиреп мында турганча, Бая эле кемеге жакка бет албай («Эр Табылды»). Ал укканын келжиреп айта берүүчү неме (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. послушный, учтивый; сговорчивый;
келик киши послушный, учтивый человек;
2. милый (ласк. обращение к младшим или родителей к детям);
арстан тууган келигим фольк. мой милый львёнок (храбрец).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: келим-кетими көп үй дом, куда много приходят (по делу, в гости);
келим-кетимге дасторконубуз кеңири для всех, кто к нам приходит, у нас стол всегда готов;
келим-кетими жок он с людьми не общается (к нему люди не приходят и сам он ни у кого не бывает).

Киргизско-русский словарь Юдахина
келин I
1. сноха, невестка;
келин болуп түш- (о новобрачной) прибыть в дом мужа; стать снохой, молодухой;
эрге кылар кылыгы эми эле түшкөн келиндей фольк. она держится с мужем так, как в первые дни замужества;
2. молодуха;
койчунун таягынан, келиндин аягынан погов. (благосостояние семьи зависит) от палки пастуха овец (как он будет пасти) и от ног молодухи (принесёт ли она с собой семейное счастье; в старом быту невеста, переезжая в аул жениха, перед аулом сходила с коня и шла пешком);
бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын туумайынча келин аты калбайт погов. пока кобылица не ожеребится, её не перестанут называть байтал (см.), пока женщина не родит, её не
перестанут называть молодухой;
келеңкер чачпак, кең соору келини сонун кыргыздын фольк. с длинными косами (см. келеңкер I), с широкими бёдрами - прекрасны киргизские молодухи;
келин жүгүн то же, что жаачы 2;
келин-кесек см. кесек I 2.
келин- II
возвр. от кел- II
(только в роли вспомогательного глагола);
Ала-Тоонун убагы төрт мезгилге бөлүнөт, санжап менен жазылып, ирет менен келинет стих. время (года) в Алатау делится на четыре сезона, по порядку они расписаны и последовательно приходят;
алынып келинген кой приведённая овца;
эсептелип келинген считалось (до какого-то времени);
кыргыздардын оозеки элдик чыгармаларында айтылып келинген ырлар исполняемые устные произведения киргизского народного творчества.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Уулунун же инисинин аялы. — Байбиче, келиниңиз көрсөткөн орунга өтүңүз (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Тууган-туушкандардын өзүнөн кичүүлөрүнүн аялдарына карата колдонулуучу сөз.
  2. 3.                  Жаш аялдарга карата колдонулуучу сөз.

¨ Келин-кесек — жаш аялдар, келиндер. Бай тышта жүргөн кызы Сайкалды, келин-кесектерин да үйүнө кийрип алды (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уулунун же инисинин аялы. Келини Сабийра кемпирдин көйнөгүн өз оюндагыдай көйкөлтүп кең да, узун да бычып, кептүү, жарашыктуу тиккен (Сыдыкбеков). Келинге босогосун аттатканда, Умсунай апа чачыласын эшигинен төрүнө чейин чачкан (Сасыкбаев). 2. Жалпы эле өзүнөн кичүү туугандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги. Бул киши сизге келин болот, аксакал, күйөөсүнүн сиздерге инилик жайы бар («АлаТоо»). 3. Турмушка жаңы чыккан келинчек же жалпы эле жаш аялдарга карата колдонулуучу сөз. Кыр мурун келген сулуу келин экен (Абдукаримов). Акия оңой менен кеп берүүчү келин беле (Сыдыкбеков). Махбуратхан эмгекте такшалган кайраттуу келин («Кыргызстан аялдары»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уменьш. от келин I
1. невестушка, сношенька;
2. молодуха, молодушка;
эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот погов. женщина, вышедшая после смерти мужа замуж, (снова) становится молодухой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
келиш I
и. д. от кел- II
прибытие (приход, приезд, прилёт);
келиш-кетиш взаимное гостеприимство;
келиш-кетиш туугандыктын белгиси погов. взаимное гостеприимство - признак родственности;
келиш-кетишине карап в зависимости от того, с чем придут (приём будет соответствовать тому, с чем придут: с подарком, просьбой и т.п.);
келишиңиз менен! с приездом (Вас) !;
келишиңиздер менен! с приездом (вас, многих).
келиш- II
взаимн. от кел- II
1. совместно приходить; приходить друг к другу;
2. приходить к соглашению;
келишип кетүүчү полит. соглашатель, примиренец;
келишип кетүүчүлүк полит. соглашательство, примиренчество;
3. быть к лицу; соответствовать; быть ладным;
сулуунун жөнү келишпейт, бермет, шуру тагынбай фольк. несовершенной будет красавица, если она не навешает на себя жемчуга и кораллы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирине бири макул болуу, пикири, ою бирдей чыгуу, бир бүтүмгө келүү, макулдашуу. Жоргонун баасын бычып, сатуучу да, алуучу да өз ара келише турган болгондо, ичи тарлык кылган бирөө ортого түшүп, ээсин айнытты («Ала-Тоо»). Экөө шаарга бирге жөнөйлү деп келишти («Ала-Тоо»). 2. Бири-бири менен таттуу мамиледе болуу, бирине-бири көнүп, ынтымакташуу, таттуулашуу. Менин келише албаган, каалабаган адамым менен кантип бирге иштешсем болот! («Чалкан»). Эки жаш келише албады деп, ажыраштырып коё салгың бар го? («Ала-Тоо»). 3. Жарашуу, ылайык келүү, төп келүү, келишимдүү болуу. Сулуунун жөнү келишпейт Бермет, шуру тагынбай («Олжобай менен Кишимжан»). Жабуусу келишип турган, мыкты жасалгаланган боз үй эле ушул экен («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИЛГЕН БАЖЫ АЛЫМЫ – эларалык макулдашууга ылайык аныкталган бажы төлөмдөрүнүн чени же бажы төлөмү. Эларалык документтерге карабастан, өлкө өзү аныктоочу автономиялык төлөмдөр менен чаташтырбоо керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

КЕЛИШИМжарандык укукта эки же андан көп тараптын жарандык укук жана милдеттерди өзгөртүү же токтотуу, аныктоо жөнүндөгү макулдашуусу; бүтүмдүн бир түрү. Келишим келип чыккан жарандык укуктук мамилелер жана жазуу түрүндө түзүлгөн келишим мазмууну чагылдырылган документ. (кара: Келишим. Эл аралык келишим. Эмгек келишими).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иш, маселе боюнча эки тараптын ар бирине тийиштүү милдеттер, максаттар, шарттар ж. б. көрсөтүлүп, өз ара макулдашылып кат жүзүндө жазылган бүтүм, чечим. Тынчтык келишими. Келишим түзүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ БАЗАСЫ – биржа келишими боюнча наркы биржа баасы менен бирдей төлөмдө алып келүүгө улуксат берилген товардын бир же бирнече сорту (маркасы). Башка сорттогу (маркадагы) же бөлөк аймактан чыгып, макулдашылгандан айырмасы бар товарлар дагы, бирок кошумча сыйакы же келишим баасынан төмөн акы төлөнүү менен сунуш кылынышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМГЕ КОШУЛУУ – эларалык укуктагы кандайдыр бир мамлекеттин башка мамлекет тарабынан коюлган белгилүү бир келишим үчүн милдеттүүлүгү тууралуу билдирүүсү. Ал эскертүүлөр менен жасалышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДЕН ТЫШКАРКЫ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР – жарандык-укуктук милдеттенмелер тобунун жалпыланган аталышы, өзара ыктыярдуулуктан эмес, тараптардын биринин аракетинен болгон: зыян келтиргендиги үчүн, тапшыруусуз эле башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн аракеттерден улам келип чыккан милдеттенме.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИ АТКАРУУЧУ ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci solutionis ) – келишимден келип чыккан милдеттенме аткарылууга жаткан өлкөнүн укугу колдонулуучу бекитүү формуласы. Келишимдик милдеттенмелерди (келишим түзүлгөн жердин мыйзамы сыяктуу эле) теске салуу үчүн колдонулат. Товарды иш жүзүндө өткөрүп берүү жеринин же төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жеринин мыйзамы сыяктууга караганда көпчүлүк учурда К. а. ж. м. бир кыйла тар мааниде, товарларды өткөрүү тартиби (өткөрүү-кабыл алуу актысынын таризи, өткөрүү-кабыл алуу боло турган күнү жана күндүн убактысы ж. б.), төлөө, анын ичинде тийешелүү төлөм документтеринин таризи жана мазмуундары сыяктуу маселелердин топтомун ыраатташтыруу үчүн колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИК ВЕДОМСТВОЛУК ТИЙИШТҮҮЛҮК – тараптардын өзара келишими боюнча аныкталуучу ведомстволук тийиштүүлүк. М.: жарандар алардын ортосунда келип чыккан баардык талаштарды (мурас, үйбүлө жана башка мыйзамда көрсөтүлгөн мамилелерине байланышкан талаштардан башка) өзара макулдашуу менен бейтарап сотко берүүгө акылары бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИК ТАРТИП – келишим боюнча милдеттенмелерди өз убагында жана ойдогудой орундоо. К. т. бузуу мүлктүк төлөмөрлүккө – бышмана төлөөгө, чыгымдарды калыбына келтирүүгө кириптер кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИ КЫЙЛА БУЗУУ – келишимдин бир тарабын ири зыян (өзгөчө өлчөмдө) тарттыра турган келишимдин бир тарабынан келишимдин бузулушу, т. а. келишимди бекем сактаган тараптын келишим түзүүдө ниет кылган нерседен айрылышы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИН ВАЛЮТА ШАРТЫ – экспорттоочу менен импорттоочунун ортосунда түзүлө турган тышкы соода келишиминде макулдашылуучу шарт. К. в. ш-на төмөнкүлөр кирет: а) келишим баасындагы валюта; б) экспорттоочу менен импорттоочунун ортосунда эсеп жүргүзүлүүчү жана валюта баасына дал келүүчү, бирок андан, өзгөчө жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен эсептешүүлөрдө айырмаланышы мүмкүн болгон, ошондой эле валюталык клиринг боюнча төлөм валютасы; в) алар дал келбей калган учурда, төлөм валюта баасынын кайра саноо курсу; г) аргандай маанидеги валюталык эскертмелер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИН МААНИЛҮҮ ШАРТЫ – КР жарандык укугу боюнча шарттар: мыйзамдарда маанилүү же бул түрдөгү келишимдер үчүн зарыл деп аталган келишим мазмуну жөнүндөгү шарттар, ошондой эле бир тараптын билдирүүсү боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүн болгон баардык шарттар.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Келбеттүү, сымбаттуу, сындуу, келишкен, жарашыктуу. «Ак-Булак» колхозу тараптан басыгы тетик келишимдүү боз ат минген, чийкил сары жигит чыга келди (Абдумомунов). [Ракыянын].. мүчөсү келишимдүү эле (Байтемиров). [Тумакты].. кынаптап келишимдүү кылып жасап берген (Бейшеналиев). Шаңкыйып келишимдүү ак үйлөрдү Көрөсүң ал аңгыча сен ыраактан (Шүкүрбеков).
2. Уккулуктуу, кызыктуу, жагымдуу. Келишимдүү ар түрлүү, Кептен козгоп сайрады (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келишими, келбети келишкен, сымбаттуу, сыны көрктүү, кооз, жарашыктуу. Келишимдүү ат. Келишимдүү жигит. Келишимдүү келин. Келишимдүү Арзыкан, Келемин деп алдайсың (Барпы). Каныкейдин Ак сарай, Келишимдүү бир далай («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ЖОЛЖОБОСУ – 1) биркатар өлкөлөрдүн конституциялык укугунда эгер ал мыйзам долбоорун кабыл алуу алардын биргелешкен ыйгарым укугуна кирсе, белгилүү бир мыйзам долбоору боюнча парламенттик жыйындардын өзара келишүүсү. Ал негизинен бири-бирине жөнөтүү же келишим комиссиялары аркылуу жүргүзүлөт. 2) КР эмгек мыйзамдары боюнча, ортомчунун катышуусунда аларды чечүү максатында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын элдештирүү комиссиясы менен кароо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛҮҮЧҮ ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci contractus ) – буюм жайгашкан жердин мыйзамы менен бирге коллизиялык укуктун калыптануу тарыхындагы адепки байламталардын бири болуп саналат жана келишим түзүлгөн мамлекеттин укугун пайдаланууну түшүндүрөт. Соода-сатык, жалдама, бартер ж. б. келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди теске салуу үчүн колдонулат. Келишимдерди кат алышуу жолу (почта, телеграф, факс ж. б.) менен түзүү тажырыйбасы кеңейип, тигил же бул мамлекеттин аймагы менен айкын, физикалык байланыш болбой калгандыктан, бул формула өтө сейрек пайдаланылып бара жатат. Келишимди түзүү жери аркыл мамлекеттердин укугунда ар башкача түшүндүрмөлөнгөн иш жүзүндөгү категориядан юридикалык категорияга айланууда.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ЭРКИНДИГИ – КР жарандык мыйзамдар башаттарынын бири. Тараптар мыйзамдарда же башка укук актыларында каралган дагы, каралбаган дагы, ошондой эле мыйзамдарда же башка укук актыларында каралган аргандай келишимдердин белгилери камтылган (аралаш келишим) келишимдерди түзүшү мүмкүн. Тийешелүү шарттын мазмуну мыйзамда же башка укук актыларында алдынала жазылгандан башка учурларда, келишим шарты тараптардын каалоосу боюнча аныкталат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от келиш- II
прилаживать (один предмет к другому); делать что-л. хорошо;
келиштирип сүйлө- говорить складно;
баглан козу, ширин баш келиштирип кайнатып фольк. сварив отлично молодого барашка, вкусную голову;
ой, келиштирди да! вот это да-а!, вот это ловко!

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. часть;
повесттин бир келкиси одна часть повести;
бир келки мисал несколько примеров;
2. маленький и аккуратный;
келки туяк, кең соору фольк. (у коня) маленькие аккуратные копыта, широкий круп.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жазы, туташ, бир бүтүндөн турган, өзүнчө бир тилке болуп саналган. Келки-келки кесилген жука тактайлардан ичине тууралап коюп чыкты (Таштемиров). Аш-тойдогу жорук-жосундар – турмуштун элестүү келкисинин бири (Токомбаев). 2. Чакан, чак, кичине. Кең көкүрөк, тайган төш, Келки туяк кең соору («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
келме I
ар. рел.
мусульманский символ веры;
келме келтир-
1) произнести мусульманский символ веры;
2) перен. стать мусульманином;
алты келме шесть символов (возглашаются муэдзином).
келме II
келме кезек неотвратимое;
айлаңды кудай таптыбы? келме кезек келдиби? фольк. бог нашёл на тебя управу? твой черёд (ответить) настал?
келме кезек экен го, минтип, эркегибиз кул болдук фольк. случилось ведь неотвратимое, мужчины наши стали рабами;
келме кезек-терме тезек погов. всё приходит и уходит, всякое бывает.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ислам динин туткан адамдардын кудайдын бирдигин, Мукамбет анын элчиси экендигин ырастоо, моюнга алуу, ага ишенгендигин айгинелөө үчүн айтылуучу атайын формула (ла аллахи иллалла, Мухаммед Расул Алла – Бир Алдадан башка Алда жок, Мукамбет Алданын элчиси). Тилиме келме келтирип («Манас» С. О.). Төрөлөрдүн жаны оозуна келип, келмеден башканы айтпай калышты (Абдукаримов). Оозунда келме, Башында селде (Тоголок Молдо). Кээси ичтеринен келме келтиришти (Сыдыкбеков). Айта бергин келмеңди, Акка мойнуң сундуң – деп («Эл адабияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дал ушундай окуя сенин да башыңа келет, мындай көрүнүшкө сен да туш болосун деген мааниде, көбүнчө, таба кылуу иретинде айтылат. Айлаңды кудай таптыбы? Келме кезек келдиби? (фольк.). Келме кезек экен го, Минтип, эркегибиз кул болдук (фольк.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
келте I
тиф;
бөртмө келте сыпной тиф.
келте II
ир.
короткий;
өзү мынча чоң туруп, куйругунун келтеси стих. (верблюд) сам такой большой, (а) хвост у него (смотри, какой) короткий;
келте чарым или келте чам южн. [кәлтә] подмётка;
келте тай южн. [кәлтә тай] двухлетний жеребёнок;
келте тил южн. [кәлтә тил] то же, что сөзгө чоркок (см. чоркок).
келте III
(в эпосе) род старинного ружья;
Ак келте (или Аккелте) название ружья богатыря Манаса;
сур келте название ружья.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. мед. Тиф оорусунун бардык түрлөрүнүн жалпы аты.
КЕЛТЕ II зат. Эски мылтыктардын бир түрү. Ак келте. Кара келте.
КЕЛТЕ III сын. Кыска, чолок. Чынар жашын адамзатка берсечи, Бул табият келте кылып ченебей (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыскаруу, чолок тартуу, келте көрүнүү. 2. Бир жагын көздөй кыйшайып калуу, кыйшык болуу, кыйшаюу. Чапаны шөлбүрөп, суу этек жагына сарыгып, келтейип кеткен (Байтемиров). 3. өт. Ийменүү, ыйба кылуу, тартынуу. Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯНДЫ ОҢДОО МИЛДЕТИ – биринчи ирет чоң эмес же орто оорлуктагы кылмыш үчүн айыпталып жаткан жашы жетелек өспүрүмгө карата белгиленүүсү мүмкүн болгон мажбурлап тарбиялык таасир этүү чараларынын бири. Анын мүлктүк абалын жана тийиштүү эмгек жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу менен жүктөлөт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Приведенная стоимость (Present Value) —Приведенная стоимость — это дисконтированная сумма всех будущих платежей по обслуживанию долга по заданной ставке процента. Если ставка процента равна договорной ставке по обязательству, то из этого логически вытекает, что приведенная стоимость равна номинальной стоимости, а если ставка процента является рыночной ставкой, то тогда приведенная стоимость равна рыночной стоимости долга.