Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (чаще келеңкер чачпак) украшение из ниток с разными брелоками и побрякушками, приплетаемое к женской косе;
келеңкер чачпак келин бар, бойго жеткен уулу бар фольк. у него есть сноха с украшением на косе, у него есть взрослый сын;
2. этн. иносказательно змея;
алтымыш баштуу, жүз көздүү боору кызыл келеңкер, сырты чаар келеңкер, тыбыратпай, шыдыр чык! (из заговора против укуса змей) шестидесятиглавая краснобрюхая змея, внешностью пёстрая змея, не трепыхайся, выходи без задержки!

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛЕҢКЕР ЧАЧПАК — жаш келиндер, орто жаштагы аялдар аркасына өрүлгөн чачтарынын учуна тагынуучу асемдик буюм. Ал бири-бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч, төрт бурчтук формадагы күмүш тыйын жибек чачыктардан турат. Эпосто К. ч. төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Келеңкер чачпак кең соору, Келбети нурдун кызылдай, Узун бойлуу жал-жал көз», (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131), «Келеңкер чачпак бир кучак, Май сооруда жаркылдайт, Балтыркандай солкулдайт» (Радлов жазып алган вариант). Келенкор кездемесинен жасалган чачпак.