Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕЛДИКЕ — эпизоддук кейипкер. Каңгай уруусунун мыктыларынан. Аскер башчысы. Манас менен барып Тейиш кандын тоюна катышат. Манас Орго канды жеңгенден кийин Акунбешимге каршы жоого аттануу кеңешине да чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 94).