Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирине бири макул болуу, пикири, ою бирдей чыгуу, бир бүтүмгө келүү, макулдашуу. Жоргонун баасын бычып, сатуучу да, алуучу да өз ара келише турган болгондо, ичи тарлык кылган бирөө ортого түшүп, ээсин айнытты («Ала-Тоо»). Экөө шаарга бирге жөнөйлү деп келишти («Ала-Тоо»). 2. Бири-бири менен таттуу мамиледе болуу, бирине-бири көнүп, ынтымакташуу, таттуулашуу. Менин келише албаган, каалабаган адамым менен кантип бирге иштешсем болот! («Чалкан»). Эки жаш келише албады деп, ажыраштырып коё салгың бар го? («Ала-Тоо»). 3. Жарашуу, ылайык келүү, төп келүү, келишимдүү болуу. Сулуунун жөнү келишпейт Бермет, шуру тагынбай («Олжобай менен Кишимжан»). Жабуусу келишип турган, мыкты жасалгаланган боз үй эле ушул экен («Ала-Тоо»).