ср.
1. (взаимное согласие) келишим, келишүү, макулдашуу, ынтымакташуу;
достичь соглашения с кем-л. бирөө менен келишимге жетишүү;
2. (договор) келишим;
торговое соглашение соода келишими.
келишиммакулдашмамакулдашуу
1. келишим;
2. макулдашма;
3. макулдашуу
МАКУЛДАШУУ – укукта, «келишим », «эларалык келишим », «конвенция» түшүнүктөрүнүн түгөйлөш түшүнүгү катары кеңири колдонулат.
АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ – алимент төлөөгө милдеттүү адам менен алимент алуучу адам жана/же алимент төлөөчү же алимент алуучу адам аракетке жарамсыз болгон учурда – алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуу. Аракетке жарамдуулугу толук эмес адамдар А. т. ж. м-ну өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен түзөт.
ойлоп табууларды укуктук коргоо жаатында мамлекеттер аралык жашыруун сырлардын сакталышын өз ара камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу
жалган товардык белгилерди жана географиялык көрсөткүчтөрдү пайдалануунун алдын-алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө макулдашуу
Продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу
ПРОДУКЦИЯНЫ БӨЛҮҮ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ – келишим, ага ылайык акысын алуу менен, КР ишкердик иш-аракеттин субъектисине (инвесторго) макулдашууда көрсөтүлгөн жерлерде пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого, иштетип көрүүгө жана буга байланышкан жумуштарды жүргүзүүгө өзгөчө укуктарды белгилүү бир мөөнөткө берет, ал эми инвестор бул иштерди өз эсебинен жана өз тобокелчилигине салып жүзөгө ашырууга милдеттенет. П. б. ж. м. жердин ички байлыктарын пайдаланууга байланышкан баардык зарыл шарттар, анын ичинде чыгарылып алынган минералдык заттарды кайра иштетүүнүн шарттары, өндүрүлгөн продукцияны тараптардын ортосунда тийиштүү мыйзамдарга ылайык бөлүштүрүүнүн шарттары жана тартиби аныкталат.
автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу
интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу
интеллектуалдык менчик укугунун соода өңүттөрү жөнүндө макулдашуу