Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
фигура, осанка;
келбети келишкен красивый; статный, осанистый;
уул жакшысы - урмат, келин жакшысы - келбет погов. лучший из сыновей (тот, кто) почтителен, лучшая сноха (та, которая) статна;
келбети келгенден кеңеш сура погов. совета спрашивай у того, кто выглядит симпатичным.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын сын-сыпаты, турпаты, жалпы көрүнүшү, элеси, сымбаты. Сулуунун көркү келбетте, Шурунун көркү берметте (Токтогул). Сабиранын келбети, чырайы кыздардыкынан кем эмес (Сасыкбаев). Келбетин көрүп болдум таң, Жаратылбайт мындай жан («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрүнүшү келишимдүү, сын-сыпаттуу, келбети көркүнө чыккан. Батийнанын кынап койгондой таза, келбеттүү мүчөсүнө күрөң кызыл жараша түшчүдөй (Сыдыкбеков). Зина аттуу келбеттүү кыз Сапарга ашык болду (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келбети келишкендик, көрктүүлүк, сулуулук, сымбаттуулук. Сырткы келбеттүүлүгүнө караганда Жумабек токтоо жигит болчу (Ашубаев). Келбеттүүлүгүнө караганда келин-кыздардын сыйына татыктуу боло турган киши ушул («Ала-Тоо»).