Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрүнүшү келишимдүү, сын-сыпаттуу, келбети көркүнө чыккан. Батийнанын кынап койгондой таза, келбеттүү мүчөсүнө күрөң кызыл жараша түшчүдөй (Сыдыкбеков). Зина аттуу келбеттүү кыз Сапарга ашык болду (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келбети келишкендик, көрктүүлүк, сулуулук, сымбаттуулук. Сырткы келбеттүүлүгүнө караганда Жумабек токтоо жигит болчу (Ашубаев). Келбеттүүлүгүнө караганда келин-кыздардын сыйына татыктуу боло турган киши ушул («Ала-Тоо»).