Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чыр-чатакты жакшы көргөн, уруш десе тура жөнөгөн, уу десе, чуу деген, чуулгандуу. Кандай келе бакан, куу союл жигиттердин жыйырмасын тандады (Үмөталиев). Буйругу жок, неси жок, келе бакан, куу союл боло баштадыңар го (Юсмоналиев). -Ээ, балам, сенсиз деле кыргызда келе бакан, куу союл аз эмес, - деди Бурма (Аалы).