Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Боло турган же болуп жаткан иштин шартына ылайык кеңеш катары айтыла турган ар кандай сөздөр. Келер-кетер сөздөрдү сүйлөдү («Ала-Тоо»). Келер-кетер сөздөрдү билип турган жан экен («Эр Төштүк»). Зуннахунга абдан таанышып калуу үчүн келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты (Жантөшев). ...Кайрат кыл... деп келер-кетер сөздөрдү айтып, жетилигин өткөргөнгө жеткирбей орокко алып чыктык (Медетов).