Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Келбеттүү, сымбаттуу, сындуу, келишкен, жарашыктуу. «Ак-Булак» колхозу тараптан басыгы тетик келишимдүү боз ат минген, чийкил сары жигит чыга келди (Абдумомунов). [Ракыянын].. мүчөсү келишимдүү эле (Байтемиров). [Тумакты].. кынаптап келишимдүү кылып жасап берген (Бейшеналиев). Шаңкыйып келишимдүү ак үйлөрдү Көрөсүң ал аңгыча сен ыраактан (Шүкүрбеков).
2. Уккулуктуу, кызыктуу, жагымдуу. Келишимдүү ар түрлүү, Кептен козгоп сайрады (Тоголок Молдо).