Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Келбеттүү, сымбаттуу, сындуу, келишкен, жарашыктуу. «Ак-Булак» колхозу тараптан басыгы тетик келишимдүү боз ат минген, чийкил сары жигит чыга келди (Абдумомунов). [Ракыянын].. мүчөсү келишимдүү эле (Байтемиров). [Тумакты].. кынаптап келишимдүү кылып жасап берген (Бейшеналиев). Шаңкыйып келишимдүү ак үйлөрдү Көрөсүң ал аңгыча сен ыраактан (Шүкүрбеков).
2. Уккулуктуу, кызыктуу, жагымдуу. Келишимдүү ар түрлүү, Кептен козгоп сайрады (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келишими, келбети келишкен, сымбаттуу, сыны көрктүү, кооз, жарашыктуу. Келишимдүү ат. Келишимдүү жигит. Келишимдүү келин. Келишимдүү Арзыкан, Келемин деп алдайсың (Барпы). Каныкейдин Ак сарай, Келишимдүү бир далай («Манас»).