КЕЛИШИМДҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Келишими, келбети келишкен, сымбаттуу, сыны көрктүү, кооз, жарашыктуу. Келишимдүү ат. Келишимдүү жигит. Келишимдүү келин. Келишимдүү Арзыкан, Келемин деп алдайсың (Барпы). Каныкейдин Ак сарай, Келишимдүү бир далай («Манас»).