Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир жерден экинчи жерге баруу, белгилүү бир жерге, орунга, үйгө ж. б. баруу. Коноктор айтылган күнү эрте келишти. Окуучулар мектептен тарап, үйлөрүнө келишти. Келин жаман эмес, келген жери жаман (макал).
  1. 2.                  Бирөөнү чакырганда же чакыргандыкты билдирүү иретинде айтылат.
  2. 3.                  Жашка толуу, чыгуу. Жигиттин болор кези замандашы, Оролуп он жетиге келген кези (Турусбеков).
  3. 4.                  Жүрүү, согуу. Жакадан жылуу жел келди, Жылуу жел жерге дем берди (Шүкүрбеков).
  4. 5.                  Бир нерсенин көлөмүн, ченин, өлчөмүн, санын белгилөөдө айтылат. Белден келген чөп. Киши бою келген чалкан. Узундугу он километрдей келген жер. Жүз центнерче келген эгин. Алган айгыгы жүз сомчо келет.
  5. 6.                  Сапатты, мүнөздү билдирүүдө колдонулат. Аял боорукер келет. Жардылар кайрымдуу келет.
  6. 7.                  Билинүү, сезилүү. Буркурап атырдын жыты келет (Шүкүрбеков).
  7. 8.                  Келишкен, жарашкан, сымбаттуу. Бардык мүчөсү келген ат.
  8. 9.                  Каалоону, эңсөөнү, тилекти билдирүүдө колдонулат. Баргым келет. Уйкум келет. Ар дайым сенин жаныңда болгум келет.
  9. 10.              Пайда болуу, жаралуу. Жини келди. Ачуусу келди.