Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ЖАРАНДЫК УКУК – өзүнө жарандык укук илимин, жарандык укук сабагын, жарандык мыйзамдарды камтыган укук тармагы. Мүлктүк жана ага байланышкан жеке мүлктүк эмес байланыштар анын негизги өзөгүн түзөт. Мыйзамда каралган учурларда жарандык укук адам укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле материалдык эмес жеке керт башына тийешелүү убайларын (мүлктүк эмес жеке мамилелерин, м.: адамдык абийири менен ар-намысын коргоону) коргоого багытталган мамилелерди жөнгө салат. КРде Жарандык кодекс анын негизги булагы болуп саналат.