Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

КЕЛИШИМжарандык укукта эки же андан көп тараптын жарандык укук жана милдеттерди өзгөртүү же токтотуу, аныктоо жөнүндөгү макулдашуусу; бүтүмдүн бир түрү. Келишим келип чыккан жарандык укуктук мамилелер жана жазуу түрүндө түзүлгөн келишим мазмууну чагылдырылган документ. (кара: Келишим. Эл аралык келишим. Эмгек келишими).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иш, маселе боюнча эки тараптын ар бирине тийиштүү милдеттер, максаттар, шарттар ж. б. көрсөтүлүп, өз ара макулдашылып кат жүзүндө жазылган бүтүм, чечим. Тынчтык келишими. Келишим түзүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ БАЗАСЫ – биржа келишими боюнча наркы биржа баасы менен бирдей төлөмдө алып келүүгө улуксат берилген товардын бир же бирнече сорту (маркасы). Башка сорттогу (маркадагы) же бөлөк аймактан чыгып, макулдашылгандан айырмасы бар товарлар дагы, бирок кошумча сыйакы же келишим баасынан төмөн акы төлөнүү менен сунуш кылынышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМГЕ КОШУЛУУ – эларалык укуктагы кандайдыр бир мамлекеттин башка мамлекет тарабынан коюлган белгилүү бир келишим үчүн милдеттүүлүгү тууралуу билдирүүсү. Ал эскертүүлөр менен жасалышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДЕН ТЫШКАРКЫ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР – жарандык-укуктук милдеттенмелер тобунун жалпыланган аталышы, өзара ыктыярдуулуктан эмес, тараптардын биринин аракетинен болгон: зыян келтиргендиги үчүн, тапшыруусуз эле башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн аракеттерден улам келип чыккан милдеттенме.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИ АТКАРУУЧУ ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci solutionis ) – келишимден келип чыккан милдеттенме аткарылууга жаткан өлкөнүн укугу колдонулуучу бекитүү формуласы. Келишимдик милдеттенмелерди (келишим түзүлгөн жердин мыйзамы сыяктуу эле) теске салуу үчүн колдонулат. Товарды иш жүзүндө өткөрүп берүү жеринин же төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жеринин мыйзамы сыяктууга караганда көпчүлүк учурда К. а. ж. м. бир кыйла тар мааниде, товарларды өткөрүү тартиби (өткөрүү-кабыл алуу актысынын таризи, өткөрүү-кабыл алуу боло турган күнү жана күндүн убактысы ж. б.), төлөө, анын ичинде тийешелүү төлөм документтеринин таризи жана мазмуундары сыяктуу маселелердин топтомун ыраатташтыруу үчүн колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИК ВЕДОМСТВОЛУК ТИЙИШТҮҮЛҮК – тараптардын өзара келишими боюнча аныкталуучу ведомстволук тийиштүүлүк. М.: жарандар алардын ортосунда келип чыккан баардык талаштарды (мурас, үйбүлө жана башка мыйзамда көрсөтүлгөн мамилелерине байланышкан талаштардан башка) өзара макулдашуу менен бейтарап сотко берүүгө акылары бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИК ТАРТИП – келишим боюнча милдеттенмелерди өз убагында жана ойдогудой орундоо. К. т. бузуу мүлктүк төлөмөрлүккө – бышмана төлөөгө, чыгымдарды калыбына келтирүүгө кириптер кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИ КЫЙЛА БУЗУУ – келишимдин бир тарабын ири зыян (өзгөчө өлчөмдө) тарттыра турган келишимдин бир тарабынан келишимдин бузулушу, т. а. келишимди бекем сактаган тараптын келишим түзүүдө ниет кылган нерседен айрылышы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИН ВАЛЮТА ШАРТЫ – экспорттоочу менен импорттоочунун ортосунда түзүлө турган тышкы соода келишиминде макулдашылуучу шарт. К. в. ш-на төмөнкүлөр кирет: а) келишим баасындагы валюта; б) экспорттоочу менен импорттоочунун ортосунда эсеп жүргүзүлүүчү жана валюта баасына дал келүүчү, бирок андан, өзгөчө жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен эсептешүүлөрдө айырмаланышы мүмкүн болгон, ошондой эле валюталык клиринг боюнча төлөм валютасы; в) алар дал келбей калган учурда, төлөм валюта баасынын кайра саноо курсу; г) аргандай маанидеги валюталык эскертмелер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМДИН МААНИЛҮҮ ШАРТЫ – КР жарандык укугу боюнча шарттар: мыйзамдарда маанилүү же бул түрдөгү келишимдер үчүн зарыл деп аталган келишим мазмуну жөнүндөгү шарттар, ошондой эле бир тараптын билдирүүсү боюнча макулдашууга жетишүү мүмкүн болгон баардык шарттар.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Келбеттүү, сымбаттуу, сындуу, келишкен, жарашыктуу. «Ак-Булак» колхозу тараптан басыгы тетик келишимдүү боз ат минген, чийкил сары жигит чыга келди (Абдумомунов). [Ракыянын].. мүчөсү келишимдүү эле (Байтемиров). [Тумакты].. кынаптап келишимдүү кылып жасап берген (Бейшеналиев). Шаңкыйып келишимдүү ак үйлөрдү Көрөсүң ал аңгыча сен ыраактан (Шүкүрбеков).
2. Уккулуктуу, кызыктуу, жагымдуу. Келишимдүү ар түрлүү, Кептен козгоп сайрады (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келишими, келбети келишкен, сымбаттуу, сыны көрктүү, кооз, жарашыктуу. Келишимдүү ат. Келишимдүү жигит. Келишимдүү келин. Келишимдүү Арзыкан, Келемин деп алдайсың (Барпы). Каныкейдин Ак сарай, Келишимдүү бир далай («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ЖОЛЖОБОСУ – 1) биркатар өлкөлөрдүн конституциялык укугунда эгер ал мыйзам долбоорун кабыл алуу алардын биргелешкен ыйгарым укугуна кирсе, белгилүү бир мыйзам долбоору боюнча парламенттик жыйындардын өзара келишүүсү. Ал негизинен бири-бирине жөнөтүү же келишим комиссиялары аркылуу жүргүзүлөт. 2) КР эмгек мыйзамдары боюнча, ортомчунун катышуусунда аларды чечүү максатында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын элдештирүү комиссиясы менен кароо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛҮҮЧҮ ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci contractus ) – буюм жайгашкан жердин мыйзамы менен бирге коллизиялык укуктун калыптануу тарыхындагы адепки байламталардын бири болуп саналат жана келишим түзүлгөн мамлекеттин укугун пайдаланууну түшүндүрөт. Соода-сатык, жалдама, бартер ж. б. келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди теске салуу үчүн колдонулат. Келишимдерди кат алышуу жолу (почта, телеграф, факс ж. б.) менен түзүү тажырыйбасы кеңейип, тигил же бул мамлекеттин аймагы менен айкын, физикалык байланыш болбой калгандыктан, бул формула өтө сейрек пайдаланылып бара жатат. Келишимди түзүү жери аркыл мамлекеттердин укугунда ар башкача түшүндүрмөлөнгөн иш жүзүндөгү категориядан юридикалык категорияга айланууда.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕЛИШИМ ЭРКИНДИГИ – КР жарандык мыйзамдар башаттарынын бири. Тараптар мыйзамдарда же башка укук актыларында каралган дагы, каралбаган дагы, ошондой эле мыйзамдарда же башка укук актыларында каралган аргандай келишимдердин белгилери камтылган (аралаш келишим) келишимдерди түзүшү мүмкүн. Тийешелүү шарттын мазмуну мыйзамда же башка укук актыларында алдынала жазылгандан башка учурларда, келишим шарты тараптардын каалоосу боюнча аныкталат.