1. пришелец;
2. перелётная птица;
келгин келиптир или келгин куш келиптир перелётные птицы прилетели;
эртең учуп келгиндер келишет завтра (скоро) прилетят перелётные птицы;
жарк этип көпкө көрүндүм жазгы келген келгиндей фольк. я вдруг показался народу, точно весенняя перелётная птица.
зат. 1. Жылдын белгилүү мезгилинде келип, учурунда кайра кетип туруучу канаттуулар. Көгөрүп жердин бак-шагы, Келгиндер келе баштады (Шүкүрбеков).
2. Жергиликтүү эмес, башка жактан келген, сырт кишилер. Сарайдагылардын бардыгы келгин болгондуктан, 6ирин-бири тааныбайт (Жантөшев).
kelgin
1. göçmen;
2. göçebe kuşlar
келгин, келгинге
келгин куштар
КЕЛГИН – КР аймагына мыйзам негизинде көчүп келип, отурукташып калган чет өлкө жараны же жарандыгы жок адам.
1. Жылдын белгилүү мезгилинде келип, учурунда кайра кетип туруучу (канаттуу куштарга карата). Келгин куштар. Келгин куштай улам жазга кайткандай, Мен да өмүргө улам кайра кайта алам (Осмонов). Көгөрүп жердин бак-шагы, Келгиндер келе баштады (Шүкүрбеков). 2. Бир жактан келген, жергиликтүү кишилерден эмес. Кербен сарайда конгон кишилердин кимиси жергиликтүү, кимиси келгин экенин билбейсиң (Абдукаримов). Далай үйдү мен быйыл, Жат келгинден арылттым (Үмөталиев). Пароход кайра жылды кош деп эми, Жаш келгин ылдам түшүп кала берди (Осмонов).