КЕЛЕР-КЕТЕР СӨЗДӨР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Боло турган же болуп жаткан иштин шартына ылайык кеңеш катары айтыла турган ар кандай сөздөр. Келер-кетер сөздөрдү сүйлөдү («Ала-Тоо»). Келер-кетер сөздөрдү билип турган жан экен («Эр Төштүк»). Зуннахунга абдан таанышып калуу үчүн келер-кетер сөздөрдүн бардыгын айтышты (Жантөшев). Кайрат кыл... – деп келер-кетер сөздөрдү айтып, жетилигин өткөргөнгө жеткирбей орокко алып чыктык (Медетов).