Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уулунун же инисинин аялы. Келини Сабийра кемпирдин көйнөгүн өз оюндагыдай көйкөлтүп кең да, узун да бычып, кептүү, жарашыктуу тиккен (Сыдыкбеков). Келинге босогосун аттатканда, Умсунай апа чачыласын эшигинен төрүнө чейин чачкан (Сасыкбаев). 2. Жалпы эле өзүнөн кичүү туугандарынын (инилеринин) аялы, келинчеги. Бул киши сизге келин болот, аксакал, күйөөсүнүн сиздерге инилик жайы бар («АлаТоо»). 3. Турмушка жаңы чыккан келинчек же жалпы эле жаш аялдарга карата колдонулуучу сөз. Кыр мурун келген сулуу келин экен (Абдукаримов). Акия оңой менен кеп берүүчү келин беле (Сыдыкбеков). Махбуратхан эмгекте такшалган кайраттуу келин («Кыргызстан аялдары»).