КЕЛМЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ислам динин туткан адамдардын кудайдын бирдигин, Мукамбет анын элчиси экендигин ырастоо, моюнга алуу, ага ишенгендигин айгинелөө үчүн айтылуучу атайын формула (ла аллахи иллалла, Мухаммед Расул Алла – Бир Алдадан башка Алда жок, Мукамбет Алданын элчиси). Тилиме келме келтирип («Манас» С. О.). Төрөлөрдүн жаны оозуна келип, келмеден башканы айтпай калышты (Абдукаримов). Оозунда келме, Башында селде (Тоголок Молдо). Кээси ичтеринен келме келтиришти (Сыдыкбеков). Айта бергин келмеңди, Акка мойнуң сундуң – деп («Эл адабияты»).