Киргизско-русский словарь Юдахина
1. дорога; прям. , перен. путь;
жалгыз аяк жол тропа;
кой жол овечьи тропки;
кара жол большая дорога;
темир жол железная дорога;
ава жолу воздушный путь;
сым жол уст. столбовая дорога (где проходит телеграфная линия);
кан жол большая, главная дорога;
кан жолдо киши үзүлбөйт на большой дороге движение не прекращается;
билген жолуңду атаңа бербе погов. дорогу, которую ты знаешь, даже отцу своему не уступай (не сворачивай с хорошо знакомой дороги, даже если отец скажет тебе, что ты сбился);
жол көрсөткүч указатель направления, дорожный знак; путеводитель;
жол кат уст. путёвка;
жол ачык
1) путь открыт;
2) перен. сопутствует удача;
алакан жазык, кол ачык, аттанып чыкса, жол ачык фольк. он щедр, и, когда сядет на коня и выедет, ему путь открыт (ему сопутствует удача);
ачылбаптыр жолуңуз, арылбаптыр шоруңуз фольк. вам не сопутствовала удача, вас не покинули лишения;
кудай жолуңду ачсын разг. дай бог тебе счастливого пути или удачи;
жолуңар менен болгула! идите своей дорогой!, продолжайте ваш путь!;
бар, жолуңа түш! иди своей дорогой!, проваливай!;
жолго сал-
1) отправить в путь;
балтаны бердиң колуна, байларды салдың жолуна стих. дал ты баям в руки топоры и отправил их в путь (выслал и заставил их работать в лесу);
2) перен. направить, наладить;
ал ишиңди жолго салды он наладил твою работу;
жол ал-
1) следовать своим путём, своей дорогой;
жолоочу болсоң, жол алгын; жортуулчу болсоң, койду алгын фольк. если ты путник, следуй (своей) дорогой; если ты грабитель, возьми овец;
2) южн. отправляться, уезжать;
миймандар жол алат гости уезжают;
жол кош- быть спутником, отправляться вместе с кем-л. в путь;
жинди менен жол кошпо, суу куйбагын толбоско фольк. не будь спутником ненормального, не лей воду в ненаполняемое;
жолуда... жолуда южн. каждый на своём месте;
ондо кыз - кыз жолуда, чал - чал жолуда отурчу южн. тогда садились девицы с девицами, старики со стариками (таков был порядок);
жолдон кошул-
1) присоединиться в пути;
2) перен. примкнуть;
жолдон адаш- прям. , перен. сбиться с пути;
жолдон чык-
1) сойти с дороги;
2) перен. выбиться из колеи;
жолго ташта-
1) бросить на дорогу;
2) бросить кого-л. в пути;
жолдошун жолго таштап кетти он бросил своего спутника в пути;
жолдон кал- иметь помеху к тому, чтобы отправиться в путь или продолжать путь;
жолдон калтыр- не пускать в путь, служить помехой к отправлению в путь или к продолжению пути;
жолду ката на всём протяжении пути;
2. строка, строчка; прям. , перен. линия;
партиянын жолу линия партии;
3. полоса;
жол-жол чыт полосатый ситец;
4. прокос;
чөптү чапканда "бир жол жүрдүм, эки жол жүрдүм" дейт когда косят сено, говорят: "я один прокос прошёл, два прокоса прошёл";
5. раз;
эчен жолу сколько раз, несколько раз, много раз;
бул жолу этот раз; на этот раз;
бул жолу анча кыйналган жок на этот раз он не очень мучился;
айланайын жалгызым, тилимди алгын бир жолго фольк. милый мой, единственный, послушайся меня разок;
бир жолу
1) один раз;
2) окончательно, раз и навсегда;
"жезит чалдын тукумун, бир жолу үзүп койгун" дейт фольк. ты, мол, прерви раз и навсегда род негодного старика;
бир жолу муну сүйлөгүс кылдым я его раз и навсегда заставил замолчать;
6. позволение, разрешение;
сүйлөөгө жол болобу? будет ли разрешено говорить?, разрешите сказать?
жол кой- позволить, допустить;
жол коё турган иш эмес недопустимое дело;
сөзгө жол ачайын начну-ка я разговор, заговорю-ка я (чтобы начать разговор, чтобы вызвать разговор);
жол койбоо или жол берилбөө недопущение;
ээн баштыкка жол берилбөө керек нельзя допускать самоуправство;
7. подарок (за услугу или по обычаю); эвф. благодарность (взятка);
жол кыл- или жол айт- одарить, отблагодарить (материально);
жолумду кыл ты меня отблагодари (поднеси мне подарок);
жолуңузду кылам я вас отблагодарю, я у вас в долгу не останусь;
колдон келсе, жолунузду кылсак болот эле, бирок эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз если бы мы могли, то вас отблагодарили бы, но вы видите, что у нас ничего нет;
ата наркы менен кудаларга жол айтылган сваты были одарены согласно обычаям предков (за невесту не калым уплатили, а просто одарили её родителей);
беш тыйын жол айткан жок он даже пятаком не одарил;
жолу менен келди он прибыл с подарками;
жолу улуу киши почтенный человек (и место почётное, и подарок ценный и т.п.);
Саманчы жол или Куш жолу или Кой жолу Млечный Путь;
барса келбес жол путь, из которого нет возврата; смертный путь;
барса келбес жолуна баарын кийрип иейин фольк. я всех вас направлю туда, откуда нет возврата;
жол куу- идти по стопам; следовать;
ата жолун куу- идти по стопам своего отца;
жолдо кал- быть ниже, хуже (букв. остаться, отстать в пути);
жолдо калып калат куда ему!, он в подмётки (ему) не годится!;
башкалар жолдо калат! куда другим!, другим (до него) далеко!;
кээси жолдо, кээси жондо жатат валяется где попало, в полном беспорядке;
жолуң узарсын! желаю тебе удачи и всякого благополучия!;
жолуңду тап!
1) желаю тебе счастливого пути, удачи!;
2) удирай!, проваливай подобру-поздорову!;
анын жолунан или анын жолунан-изинен только потому, что ему везёт, что ему сопутствует удача;
жолу болду ему сопутствовала удача, ему повезло, удалось;
аңда жолдору болуп, бир тоодак атып алышты им на охоте повезло, они убили дрофу;
жол болсун! счастливого пути!; (при встречах) куда или откуда путь держишь?
мунуңа жол болсун ирон. а это у тебя что и к чему?, что это ты ещё выдумал?
саландаган кабагыңа жол болсун? ирон. что это ты насупился?
жолуң болгур! ласк. желаю тебе счастья!;
ой, жолуңар болгурлар! ирон. ой, чудаки вы этакие!;
биздин жөндү билип алдыңыз, ал эми, өзүңүзгө жол болсун? о нас вы узнали, а теперь о себе что скажете?
өзүңөргө жол болсун? ну, а вы как? (что думаете делать, предпринять?);
жолу болбой калды ему не повезло, не удалось;
жол болду южн. название травянистого растения с белыми цветками (употребляется вместо чая);
жол барбайт совесть не позволяет;
ак жол светлый путь;
ак жолуң ачылсын! счастливый путь тебе!, желаю тебе счастливого пути!;
жолу байланды он лишился всех своих возможностей, он потерял силу, власть;
жол кылармын шаарыңды фольк. я уничтожу твой город;
жолу катып, жолу каткан см. кат- IV;
жол кире см. кире;
жол башчы см. жолбашчы;
как жол южн. то же, что куу жол (см. куу IV 1).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Аркы-терки жүрүү, каттоо, басып өтүү үчүн колдонулган тилке жер; ар кандай транспорттун өтүп турган белгилүү бир багыты, жери. Жалгыз аяк жол. Төтө жол. Шоссе жол. Аба жолу. Суу жолу.
2. Өтө турган жер. — Кайда барасыз, баатыр?деди Бермет абышкасынын жолун тороп (Сыдыкбеков). Каршы чыгып жолуман, Кармап алды колуман («Кедейкан»).
3. Сапар, жолоочулук, саякат. Жол жүрүү. Жолоочунун жолдо болгону жакшы. Жол азабы. Жол түйшүгү.
4. Аракеттин багыты, бир нерсенин өнүгүш, ийгиликке, жеңишке жетиш багыты, жөнү. Элиң үчүн нечен азап тарткансың, Эркиндиктин жолун туура тапкансың (Осмонкул). Байыркы салтын ташташып, Маданий жолго киришти (Осмонкул).
5. Белгилүү бир максатка жетүүнүн же кандайдыр бир иштин ыгы, амалы, методу. Алыстан келген жигиттер, Таанышуу жолун издеген (Шамшиев). Бирок кепти кантип келиштирип айтуунун жолун таба албады (Каимов).
6. Жазуусу бар же жазыла турган (сызыктуу) кагаздын саптары. [Динар баракты].. ачып караса, биринчи барактын эң башкы жолуна Аскардын аты жазылган (Сыдыкбеков). Биздин ырдын, Ар жолунда терең сыр (Аалы).
7. Тилке-тилке болуп түшүрүлгөн из, катар, сап. Жол-жол чыт. Жол-жол көчөттөр.
8. Мүмкүнчүлүк, уруксат. Сүйлөөгө жол берүү. Жалкоолукка жол бербөө.
9. Бир нерсе берип сыйлоо, сый кылып берилген белек. Аздыр-көптүр жолуңарды кылам (Жантөшев). Колдон келсе жолуңузду кылсак болот эле (Жантөшев).
Жол кире — жол акы, жол жүргөндүгү үчүн төлөнүүчү акы. Темир жол 1) поезддер жүрүүгө ылайыкталып жасалган рельсалуу жол; 2) темир жолдорду жабдуу, алар аркылуу болгон жол катнашуу жактарын тейлөө ж.б. иштерди жүргүзүүчү мекемелердин жалпы системасы. Ара жолдо калуу — көздөгөн жерине, максатына жетпей калуу, белгисиздик, олку-солкулук. Анын да сөөгү көмүлбөй ара жолдо калыптыр (Токтогул). Өлүү эмес же тирүү эмес, ара жолдо турам (Жантөшев) Жол жорго — кичине жоргологон жүрүш. Келбес жолго кетүү — кайра кайрылбоо; каза табуу. Өчөгүшкөн эски душман колунан, Көптөн бери даярдаган огунан, Келбес жолго жолдош Киров жол тартты (Турусбеков). Жолуна салуу — амалын таап жөнөтүп жиберүү, кутулуу. Сөйкөмдү бердим колуна, Зөөкүрдү салдым жолуна (Тоголок Молдо). Жолго коюу — тартипке салуу, ишти жөнгө салуу, ондоо. — Мунун негизги себеби эмнеде?Бизде эмгекти уюштуруу иши жолго коюлбагандыктан (Каимов). Жол болсун? — кайдан, кандай жумуш менен келе жатасың деген мааниде. Акунжансыңбы?Жол болсун, үкөм? (Байтемиров). — Жол болсун!деди там үйдөн чыга келген Култай абышка (Убукеев). Жолуң болгур — өкүнүч түрүндө айтылган сөз. — О, жолуң болгур десе! Жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Жолуң ачылсын! — ишиң оңолсун, сапарың ийгиликтүү болсун деген мааниде. Кудай, ак жолуң ачылсын! (Сасыкбаев). Жолу улуу — салт жагынан улуулук жөнү бар. Кыздын жолу улуу болот, — деп күлүмсүрөдү [Чолпон] (Байтемиров). Жолу болуу — иши ордунан чыгуу, олжолуу болуу. Жол тартуу — сапарга чыгуу, жөнөө. Эми жол тартканы турасыз го?деп Алымкул ордунан турду (Абдукаримов). Мунуңа жол болсун! — бул эмне кылганың! Дагы эмнени чыгара койдуң! Жол башчы — жетекчи. Жол башчыбыз партия, Акылы мол дарыя («Жазгыч акындар»). В. И. Ленин коммунизмдин жеңиши үчүн күрөштө коммунисттик партияны эмгекчилердин жол башчысы катарында карап, ага өтө зор маани берген («Коммунист»). Стеналарга жол башчылардын портреттери илинген (Каимов). Жол-жосунтартип, эреже, каада. Жол-жосунун кылып узат.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
жол
жол азык
жол айтуу
жол барагы
жол башта
жол билги
жол болсун
жол бою
жол-жобо
жол-жол
жол жорго
жол-жосун
жол инженери
жол камдары
жол кароо
жол кат
жол кире
жол кой
жол таптагыч
жол тартуу
жол торбо (рюкзак)
жол үстү
жолу ачык
жолу ачылуу
жолу байлануу
жолу болуу
жолу каткан
жолу катуу
жолу улуу
жолун жолдоо
жолун кылуу
жолуң болгур

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катташуу, аркы-терки жүрүү үчүн пайдаланылуучу тилке жер, ар кандай транспорттун өтүп турган белгилүү бир багыты, жери. Кара жол. Жалгыз аяк жол. Даңгыр жол. Кыя жол. Чыйыр жол. Төтө жол. Аба жолу. Суу жолу 2. Сапар, саякат, жолоочулук. Биз жол тартууга даярдандык (Абдукаримов). Жол келип чарчагандыктанбы, төшөккө башы тиери менен уктады (Жантөшев). 3. Келе жаткан багыты, бара жаткан алды жагы. – Кайда барасыз, баатыр? – деди Бермет абышкасынын жолун тороп (Сыдыкбеков). Чалды таанып жолун тосо чубашты (Токомбаев). 4. Бир нерсенин өнүгүшү, ийгиликке, жеңишке жетиши үчүн болгон идея, багыт, аракеттин багыты, жөнү. Мамлекеттер аралык, кызматташтыктын бир гана жолу болуу керек, ал – тынчтык жолу («Кыргыз туусу»). Элиң үчүн нечен азап тарткансың, Эркиндиктин жолун туура тапкансың (Осмонкул). Байыркы салтын ташташып, Маданий жолго киришти (Осмонкул). 5. Белгилүү бир максатка жетишүүнүн же кандайдыр бир иштин орундалышынын ыгы, амалы, методу. Алыстан келген жигиттер, Таанышуу жолун издеген (Шамшиев). Бирок кепти кантип келиштирип айтуунун жолун таба албады (Каимов). Таанып калсаң болбойбу, Акындык нуска жолумду (Токтогул). Деги кандай жол менен тизмени алабыз (Абдукаримов). 6. Китеп бетиндеги саптар, кагазга же башка нерселерге түшүрүлгөн жазуу саптары. Динар баракты ачып караса, биринчи барактын эң башкы жолуна Аскардын аты жазылган (Сыдыкбеков). Биздин ырдын Ар жолунда терең сыр (Токомбаев). || Тилке-тилке болуп түшүрүлгөн катар сап, тилке-тилке же сызыктуу из. Тилке-тилке жолу бар. 7. Мүмкүнчүлүк, укук. Сүйлөөгө жол берүү. Жалкоолукка жол бербөө. Закон колхозго салкын карагандарга жол бербейт (Каимов). 8. Үрп-адатка, салтка байланыштуу болгон шарт, ирет. Учаны алыңыз, жол сиздики! (Жантөшев). 9. Сый кылып берилген белек же салт катары бир нерсе берип сыйлагандык. Ата наркы менен кудаларга жол айтылган, Беш тыйын жол айткан жок. Аздыр көптүр жолуңарды кылам (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иштин колкосу үчүн же жол тартып, бир жакка баратканда бирөөгө каражат, азык же башка нерсе берүү. Эч болбосо жүз сомдон жол айтпасам мени көк урат го (Сыдыкбеков). Беш тыйын жол айтканга жараган жок.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛАЧКЫ ТАЛАП (цессия) – жарандык укуктагы кредитордун өзүнө тийешелүү укукту башка бир жакка (цессионарийге) өткөрүп берүүсү. Эгер мыйзамга, дагы башка актылар менен келишимдерге кайчы келбесе, Ж. т-ка жол берилет. Карызкор үчүн кредитордун кертбашы бөтөнчө мааниге ээ болгон милдеттенмелер боюнча, карызкордун макулдугусуз Ж. т-ка жол берилбейт. Жөнөкөй жазуу жүзүндө же нотариалдык таризде жасалган бүтүмгө негизделген Ж. т. ошондой эле таризде жасалууга тийиш. Эгер мыйзамдарда башкача белгиленбесе, мамлекеттик каттоо талап кылынган Ж. т. мындай бүтүмдөрдү каттоо үчүн талап кылынган тартипте каттоодон өтүүгө тийиш. Кагаздын ордердик баасы боюнча Ж. т. ал баалуу кагазга карата индоссамент жолу аркылуу жасалуусу керек. Талапка жол берген баштапкы кредитордун жаңы кредиттордун алдында өткөрүп берилген талаптын жарактуулугу үчүн жооп берет, бирок, баштапкы кредитор жаңы кредитордун алдында карызкор үчүн кепилдик алгандан башка учурларда, карызкордун ал талаптын аткарышына карата жоопкерчилик албайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛ БАРАКЧАСЫ – жүк тартуу документи. Ж. б. жүк менен кошо жүк алуучуга жүк берилүүчү темиржол бекетине чейин жеткирилет. Ж. б. дүмүрчөгү жүк жөнөтүлгөн темиржол бекетинде калтырылат да, Ж. б-нын өзү көздөгөн бекетке чейин жүк менен бирге барат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жолго чыккан, бир жакты көздөй жөнөгөн кишинин жолу шыдыр болушун тилеген каалоо катарында айтылат. Сапарга чыксаң – жол болсун («Манас»). 2. «Кайдан» «кандай жумуш менен келе жатасың?» деген мааниде колдонулат. – Кайда баратасың? жол болсун (Абдукаримов). – Акунжансыңбы? – Жол болсун үкөм (Байтемиров). 3. Мунуңа жол болсун! – «бул эмне кылганың», «дагы эмнени чыгара койдуң» деген мааниде колдонулат. Күйөө балаңыз менен кызыңызга ынтымак-ырыс каалап, өзүңүз ичпей койгонуңузга жол болсун, – деп Көкөтөй кысынган чалдын айласын түгөттү (Айтматов). Мына ушундай сөзү өтүмдүү болуп турганда Койсун кайра артка кетип отурганына жол болсун?! (Медетов). Мунуңа жол болсун?

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. «Кайдан?», «кандай жумуш менен?» деген мааниде суроо, кайрылуу иретинде колдонулат. Акунжансыңбы? -Жол болсун, үкөм? (Байтемиров). 2. «Бул кылганың кандай?», «Эмне үчүн?», «бул эмне дегениң?» ж.б. мааниде бирөөнүн кебине, кылык-жоругуна, жасаган иштерине карата суроо салуу, таң калуу иретинде колдонулат. Куйөө балаңыз менен кызыңызга ынтымак-ырыс каалап, өзүңүз ичпей койгонуңузга жол болсун, - деп Көкөтөй кысынган чалдын айласын түгөттү (Айтматов). Мына ушундай сөзү өтүмдүү болуп турганда Койсун кайра артка кетип отурганына жол болсун?! (Медетов). Мунуңа жол болсун?

Киргизско-русский словарь Юдахина
тигр;
баатырдын энеси да жолборс этин укмуш бир жешке талгак деген стих. у матери богатыря, говорят, явилось сильное желание поесть мяса тигра (по старым поверьям, когда вкусовым капризом беременной женщины являлось желание поесть мяса или сердце тигра, то это означало, что она носит в себе богатыря);
жолборс жүрөк неустрашимый.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жол-жол темгилдүү, мышыктар тукумуна кирүүчү чоң жырткыч айбан. Ит үйүр болсо, жолборско үрөт (макал).
2. өт. Баатыр, эр жүрөк, эч нерседен коркпогон. Бай Жакыптан туулган Баатыр Манас жолборсу («Манас»). Шондо Алмамбет кеп айтат, «Жолборсум Чубак» деп айтат («Манас»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОЛБОРС — тотем жаныбар. Орхон-Эне-Сай жазмаларында көк түрктөрдүн уруу башчы, кандары, баатырлары жолборсту ыйык (тотем) тутуп өлтүрбөгөндүгү катталган. «Манас» эпосунда мифтик апыртма түшүнүктө сүрөттөлгөн. Ж-тун эпикалык образы башкы каармандын тотеми катары милдет аткарат. Манас жоого киргенде Ж. да мифтик башка жандыктар менен кошо баатырды коштоп жүрөт. Манастын кереметтүү бойго бүтүшү жана укмуштуу төрөлүшү да магиялык түшүнүк менен байланыштырылган. Бойго бүтөрдө эне-атасы элдин көз карашы боюнча тартынбастыктын, кайраттуулуктун, баатырдыктын символу болгон жырткыч жаныбарларды жана алгыр куштарды түштөрүндө көрүшөт. Түштө берилген аян аркылуу ошол жаныбарга таандык артыкча сапатка ээ эркек бала төрөлөрү алдын ала билинет. Болочокку баатыр бойго бүткөндө энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Тотем эсептелген Ж-тун бүткүл эти эмес, жүрөгүнүн гана магиялык касиет, күчкө ээ болушу — өзүнчө бир поэтикалык мотив. Эпикалык бул мотив өзүнүн негизин тотемдик түшүнүктөн алынган менен болочокто элин душмандан коргой турган Ж-той жүрөктүү, күч-кубаттуу баатырдын жаралышын эңсеген элдин фантазиясы көтөрүңкү пафосто чагылдырылат. Болочоктогу баатырдын энеси арстандын жүрөгүнө талгак болуп, аны жегенден кийин же ажыдаардын башын чайнагандан кийин гана каалагандай баатыр уул төрөшү казактардын «Кабыланды» эпосунда да кезигет. «Манас» эпосунун сюжетиндеги Чыйырды менен Жакыптын түшүнө кирген Ж. Манастын тотемине айланып, классикалык тотемдерге мүнөздүү белгилерди сактаганын, анын бардык милдетин аткарганын көрөбүз. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас төрөлгөндө: «Бир карасаң баладай, Бир карасаң сур жолборс» (Саякбай Каралаев, 1. 54) болуп көрүнөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандардан ууланып, жарадар болуп өлүм алдында жаткан Манас колдоочусу Ж-тон жардам аларын, өзүн издеп келген Сыргак менен Серекке билдирет: «Мени дагы чоролор Бейдаарат бенде дебеңдер, Жолборстон болор жолдошум, Коркпостон болор колдошум» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 437-б.). Ж-тун жардамы менен Манас жаратынан айыгат. Манас баатыр Анжыянды бийлеген Алоокеге барган учурда, ал Манасты тымызын жайлоо үчүн ажайышканасында багылган жырткыч жаныбарларын коё берет. Бирок, алар Манаска даап кол сала алышпайт. Мында да анын колдоочуларынын бири Ж. экени окуяга поэтикалык курчтук, баатырга тете алптык касиет берип турат. Баатырлардын чексиз кара күчүн, баатырдык сапатын ЭК-тун элесине теңештирүү эпостогу терс каармандарга да мүнөздүү. «Көк күбө тонду жамынып, Көрөр болсоң Коң төрө Көк Жолборстой чамынып» турган Коңурбайдын баатырлыгын билдирет.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жол-жол темгилдүү, мышыктар тукумуна кирүүчү чоң жырткыч айбан. Кабылаң, жолборс, бөрү бар. Илбирс, аюу, шери бар (Тоголок Молдо). 2. өт. Баатыр, эр жүрөк, эч нерседен коркпогон, тайманбас. Бай Жакыптан туулган, Баатыр Манас жолборсу («Манас»). Качырганын куткарбас, Кадимки жолборс эри бар (Токтогул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Илбирс, арстандан жолборсту айырмалап турган белгиси — анын жол-жол болгон ак менен кызыл түс аралашкан темгили. Ошондуктан бул жырткыч жолбарс аталып, барс сөзүнүн а тыбышы жол сөзүндөгү о тыбышына үндөшүп кетишинен азыркыдай жолборс түрүнө келген.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОЛБОРСААЛЫ Турдаалы уулу (Токтогул району, Токтогул айылы) — «Манас» айтуучу. «Манасты» 1947-жылдан китептен үйрөнүп айта баштаган. Ата-бабаларынан, туугандарынан «Манас» айткандары болгон эмес. Андан «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» эпизодунан үзүндү (367 сап) гана жазып алынган.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерседен коркпогон, тайманбас, баатыр, эр жүрөк. Бул ушундай жолборс жүрөк, муну менен эрегишип болбойт (Каимов) . Мамбеттей жолборс жүрөк азаматтын атырылганы, айбаты жаш мырзаны козголтоор, ырайым, эттирээр... (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерседен коркпогон, тайманбас, баатыр, эр жүрөк. Бул ушундай жолборс жүрөк, муну менен эрегишип болбойт (Каимов). Мамбеттей жолборс жүрөк азаматтын атырылганы, айбаты жаш мырзаны козголтоор, ырайым, эттирээр... (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОЛБОРСТУН ЖҮРӨГҮНӨ ТАЛГАК БОЛУУ — баатырдык эпостордун баш каарманы энесинин боюна бүткөн кезинде эпикалык эненин кадимки тамакка көңүлү келбей, табылышы татаал башка бир даамды — жырткыч жаныбарлардын этин, жүрөгүн жана кыраан куштардын көз майын эңсеп күсөшү; жерик. Кыргыз элинин баатырдык эпосторунда болочокку башкы баатырдын энесинин
Ж. ж. т. б-су аны кана жегенден кийин гана ойдогудай жетилген баатыр баланын укмуштуу төрөлүшү жөнүндөгү салттык мотив «Манас», «Жаныш-Байыш» жана казактардын «Кобыланды» эпосторунда даңазаланат, к. Талгак болуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
приблудный, отбившийся;
жолбун киши безродный, не помнящий родства человек;
жолбун мал приблудный скот;
жолбун иттей улуп кал! фольк. чтоб тебе выть, как отбившаяся (потерявшая хозяина) собака!;
жолбун алачык или жолбун үй тяньш. то же, что жолум.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Башка жактан кошулган, бөтөн, чоочун, адашып жүргөн, теги-түбү белгисиз. Жолбун мал. Мен да жолбундарды ээрчип, көрбөгөндү көрдүм («Ала-Тоо»). Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолдон, кошулган, чоочун, башка жактан келген, бөтөн, адашып жүргөн, кайдан экендиги белгисиз. Жолбун мал. Жолбун киши. Жакындан бери малчылардын айлында бир жолбун кара күчүк пайда болду (Осмоналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛБУН АЙБАНАТТАР – ээсиз калган мүлктүн өзгөчө түрү. КР жарандык мыйзамдары боюнча, кароосуз калган же жолбун айбанаттарды же дагы башка ээсиз жаныбарларды кармап алган адам аларды ээсине кайтарып берүүгө, а эгер анын дареги белгисиз болсо, жаныбарларды кармап алгандан кийин 3 күндөн ашпаган убакта алар тууралуу, алардын ээлерин табуу чараларын көрүүчү милицияга же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ишти же дагы бир нерсени жөнгө салуу, жөнүн таап жакшыртуу, тартипке келтирүү, оңдоо, иреттөө. Бизде эмгекти уюштуруу ишин жолго коюу керек. Ага арымдуу масилеттерди жолго коюу маанилүү (Бейшеналиев). Чарбачылык жумуштары жакшы жолго коюлган («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ишти же дагы бир нерсени жөнгө салуу, жөнүн таап жакшыртуу, тартипке келтирүү, оңдоо, иреттөө. Бизде эмгекти уюштуруу ишин жолго коюу керек («Кыргызстан маданияты»). Ага арымдуу масилеттерди жолго коюу маанилүү (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Амалын таап жөнөтүп жиберүү, эптеп кутулуу. Сөйкөмдү бердим колуна, Зөөкүрдү салдым жолуна (Тоголок Молдо). Аны эптеп жолго салдым. 2. к. ЖОЛГО КОЮУ Билбегенин билгизип минтип жолго салалы («Манас»). Адашканын баяндап туура жолго салып жүр («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Амалын таап жөнөтүп жиберүү, эптеп кутулуу. Сөйкөмдү бердим колуна, Зөөкүрдү салдым жолуна (Тоголок Молдо). Аны эптеп жолго салдым. 2. к. жолго коюу. Билбегенин билгизип, Минтип жолго салалы («Манас»). Адашканын баяндап туура жолго салып жүр («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: жолун жолдоо — бирөөнүн ишин улантуу; бирөөнүн артынан ээрчүү; бирөөнүн кылганын кылуу. Тигил Чаргындын жолун жолдогон, Гүлнар тентек, андан шашма (Сыдыкбеков). Туугандын сөзүн жолдойм» деп, Томсоруп калба, абышка! (Маликов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жолдош I
1. спутник;
жан жолдош см. жан II;
2. товарищ, друг;
жаман жолдош жоого алдырат погов. плохой товарищ врагу выдаст;
күйөө жолдош этн. дружка (парень, сопровождающий жениха в его поездках к невесте);
3. супруг, супруга;
өмүрдүк жолдош подруга жизни;
4. товарищ (форма обращения);
жолдош Сарыбаев товарищ Сарыбаев.
жолдош- II
взаимн. от жолдо-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Жанаша жүрсө жаркылдап, Жан жолдошум кырк жигит («Курманбек»). Чоло жок сыр айтышар, кайгы жазар, Жолдошум жанымдагы шордуу Назар (Барпы).
  1. 2.           Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, татуу, ынак адамдар. Жамандыкты жолотпойт Ак тилектүү жолдошум (Осмонкул). «Сыр алышкан жолдошторду дагы көрөр бекенмин?» деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев).
  2. 3.           Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). Жаракөр жан жолдошум Келсе экен деп тилеймин (Маликов).

¨ Жолдош-жоро — бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар тең туштар. Газеталарды жолдош-жоролоруна окуп берет (Бөкөнбаев). Жаштар үйлөрүн, жолдош-жоролорун сагынышты (Баялинов). Күйөө жолдош — күйөөлөп барган жигиттин жолдошу. Үзөңгү жолдош — бирге жол жүргөн, иште, кызматта бирге болушкан, бирге эмгектенишкен жолдоштор.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам, жанында кошо болгон адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Уй кайтарган кара таз, Жолдош кылып берди эле («Эр Төштүк»). 2. Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, бирге жүргөн таттуу, ынак адам. Жамандыкты жолотпойт, Ак тилектүү жолдошум (Осмонов). Сыр алышкан жолдошторду дагы, көрөр бекемин? – деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев). 3. Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). 4. Коомдун граждандарына кайрылууда, өлкөлөрдүн гражданини экендигин белгилөө иретинде колдонулат. – Кош, жолдош башкарма! Акийма карындашка кандай байге болот? (Жантөшев). – Сиздин мисалды уккубуз келет, жолдош Карабашев (Сыдыкбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОЛДОШЕВ Токчоро (1902, Пишпек уезди, Сарбагыш болушу, Кара-Жылга айылы — 1937)— советтик партиялык ишмер, кыргыз совет адабиятчысы.


1925-ж. Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн. 1925-жылдан Каракол-Нарын округунда эл агартуу бөлүмүн жетектеген. 1927-ж. Москвадагы Борбордук улуттар басмасынын кыргыз секциясына жооптуу секретарь болгон. 1927 — 28-ж. Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын Академиялык борборунда төрагасы, 1929—31-ж. Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчө, жооптуу секретарь, 1931 — 32-ж. Кыргызстан колхоз борборунун (азыркы керек-жарак союзу) төрагасы, 1933—35-ж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары болгон. Ж-дын редакторлугу менен Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөнү», Тыныбек Жапый уулу айткан «Семетейден» үзүндү басылып чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын жазылып калышына камкордук кылган инсандардын бири.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стать спутником, быть спутниками; быть в сообществе;
жан жолдошум сексен кыз, жолдоштошуп жүргөмүн фольк. в свите моей восемьдесят девиц, с ними я проводила время;
2. сдружиться, стать друзьями, товарищами.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛДОШТУК СОТТОР – командирлердин жетекчилигинде иштөөчү аскердик коомчулук органы, командирлер иштөөгө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга, окуу уюштурууга жана көзөмөл жүргүзүүгө ж. б. тийиш. Ж. с. бекем аскердик тартипти жана укук тартибин камсыз кылууга, куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын ичинде тартип бузууларды алдын алууга көмөктөшүүгө чакырылган. Ж. с. өздөрүнүн отурумдарында аскер кызматкерлеринин тиртип бузууларын гана карашпастан, аларга коомдук таасир этүү чараларын көрүшөт, ошондой эле башка түрдөгү алдын алуу, укуктук тарбиялоо иштерин жүзөгө ашырышат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что жол 7;
"сиздин жолдугуңуз" деп, алдына бир тай туяк жамбыны койду "а это вам подарок", - сказав, положила перед ним слиток серебра (см. жамбы);
жолдугуңа ат берем, кечиктирбей бат берем фольк. в подарок тебе коня дам, не медля, быстро дам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир иш, кубанычтуу кабар, жакшылык үчүн берилген белек, сыйлык. Сүйүнчүнүн жолдугу ушул болот,– деди Токуш сестрага («Ден соолук»). Жолдугуңа ат берем, Кечиктирбей бат берем («Эр Табылды»). 2. Жолдо, жол жүргөндө керектеле турган, жолго керектүү (тамак-аш, кийим-кече жөнүндө). Жолдук азыгын камдоо. Жолдук кийимдерди даярдап коюу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. полосатый, в полоску;
жолдуу кызыл көйнөк красное полосатое платье;
2. стоящий на пути (к хорошему или плохому);
аттан жолдуу ему везёт на лошадей, ему всегда попадаются хорошие лошади;
жолдуу бол- или ак жолдуу бол- быть удачливым, сопутствуемым удачей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жолу бар, жол салынган.
2. Олжолуу, ийгиликтүү, иши оңолгон, бир нерсеге жетишкен, тилеги ордунан чыккан. Башынан аялдан жолдуу эр эмки аракетин Бурмага багыттады («Чалкан»). Аттан жолдуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узатасынан тилке-тилке түшүрүлгөн жолу, изи бар, сызыктуу. Майда көгүш жолдуу бөз жегдесинен тамтык жок (Абдукаримов). 2. Олжолуу, олжосу бар, жолу болгон. Уудан жолдуу кайтты. Аттан жолдуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛЖҮРҮҮ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ – темиржол унаасынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө, ташуу маалында кырсыктарды болтурбоого, ошондой эле күтүлбөгөн кырсыктарды болтурбоого жана темиржол унаасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган темиржол унаа, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жеке жактардын иш-аракети.

Киргизско-русский словарь Юдахина
прил. от жол;
эки жолку имевший место дважды, повторившийся дважды;
Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры дважды Герой Социалистического Труда;
бир жолку ачууңду бер на этот раз прости;
биринчи (экинчи и т.д.) жолку по первому (второму и т.д.) разу;
экинчи жолку отоо вторая прополка.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жолу болгон же бир нече ирет кайталанган окуяны, ишти, ошол учурдагы абалды ж. б. билдирип, белгилей көрсөтүү үчүн колдонулат. Ушул жолку ишти сага тапшыралы. Бир жолку ачууңду бизге бер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛ КЫРСЫГЫ – жолдо жүргөн автоунаа каражаттарынын катышуусунан улам пайда болуп, анын натыйжасында адам өмүрү кыйылган же жаракат алган, унаа каражаты, жүк же дагы башкалар материалдык зыянга учураган окуя.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жакындоо, жакындап баруу; байланышып, алыш-бериш мамилесин түзүп жүрүү. Үйүмө жолобо. Эски конуштарга өлсөм да жакын жолобойм (Жантөшев). Ээн баш болсоң жаныңа, Эч ким жакын жолобойт (Осмонкул) .

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакын келүү, жакындоо, байланышта, өз ара катышта болуу, ошол айланада болуу. Балдар кызыкка батып, тобурчак ыргытышкан сайын чөйрөгө канаттуу жологон жок (Сыдыкбеков). Тулпарды таап бербесе, Жолобосун өзүмө («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. обычай, порядок, образ поведения, образ жизни;
жолоюна түш- воспринять чей-л. образ жизни, воспринять чьи-л. обычаи;
кыргыздын жолоюна түшүп атат он начинает входить в жизнь киргизов и воспринимает её;
жолоюна түшүр- втянуть в свой или чей-л. быт, привить свой или чей-л. образ жизни;
2. Жолой Джолой (имя эпического богатыря, противника Манаса, отличавшегося непомерным обжорством).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОЛОЙ — негизги терс каармандардын бири, калмак каны жана балбаны, жоо саяр баатыры. Эпостогу согуш эпизоддорунун көбүнө катышкан туруктуу каардуу душман. Академик Б. М. Юнусалиев «Манас» эпосунда чагылдырылган эпикалык Ж. кидандардын Елюй Даши деген аскер башчысынын ысымына байланыштуу пайда болгон деген көз карашты айтат. Окумуштуунун бул пикири белгилүү даражада чындыкка жакындайт. Тарыхый маалыматтар боюнча 10-кылымдан тартып кидандардын (кара кытай) елюй (йолуй) уруусу Борбор Азияга өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзөт. Кидандардын мамлекети Ляо империясы деп аталган. Ляо империясы 12-кылымдын башында экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Моңголия, Манжурия, Түндүк Кытайдын чөлкөмүндө Цзинь империясын, экинчи бөлүгү кол башчы Елюй Дашинин жетекчилиги менен Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекет түзөт. Кидандар азыркы Кыргызстандын аймагына 1129—30-ж. келет. Демек, Елюй уруусу (10-кылымдан тартып) бийликке келгенден кийин, башкаруу чөйрөсүндөгү адамдар салттык түрдө ушул уруунун атын кошо ала жүрүшкөн. Мисалы, Елюй Амбагань, Елюй Лубугу, Елюй Даши, Елюй Тэла, Елюй ЧуЦай, Елюй Юй-ду, Елюй Шу-Чен жана башкалар «Манас» эпосундагы эпикалык Ж-дун мына ушул кидандардын башкаруучу уруусунун («Елюй») атына байланыштуу пайда болгон деген тыя накка келүүгө болот. Анткени, эпостук чыгар малардын тарыхый өнүгүшүнүн мыйзам ченемине ылайык эпикалык ысымдар (эпоним) көп учурда конкреттүү уруулардын, элдердин, ар түрдүү титулдарын, аттарын персонификациялаштыруу аркылуу кабыл алынат. Мисалы, Ногой-кан (Ногой ордосу), Бууракан (Караханийлердин титулдук наамы), Коңтаажы (калмактардын титулдук наамы) жана башкалар Демек, «Манас» эпосу Ж-дун ысымы аркылуу кидандардын башкаруучу уруусун персонификациялаштыруу менен аларды башкы душман экендигин жалпылаштырып туюндуруп жатат. «Мажму ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») боюнча да Манас баатырдын эң башкы душманы Ж. согуштук окуяларда кеңири чагылдырылгандыгы белгилүү. Чыгармада Ж. калмак элинин каны, кол башчы баатыры катары мүнөздөлүп, Манас баатырга каршы күрөш жүргүзгөндүгү баяндалат. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөй кандын ашы» эпизодунда капыр менен мусулмандын ичинен Ж. жаңжал чыгарып Манас менен согушат. В. В. Радлов жазып алган «Манастын» вариантындагы Ждун образына баскынчылык, ала көөдөндүк, көңдөйлүк сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү.

Т. Герцен. Жолой</b>.
Т. Герцен. Жолой.
Колдо бар материалдар боюнча Ж.— жоокер, баатыр, ошону менен бирге эл бийлеген кан. «Манас» варианттарындагы Ж. катышкан бардык окуяларда ал «кан» деп аталат:
Кара калмак каны экен,
Сайыш менен чабышка
Башынан кадик жан экен,
Өзү жалпак, өңү саз,
Күрөш менен согушка
Эчак болгон эпчил маш (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536инв., 332-б.).

«Манаста» чагылдырылган Ж-дун образынан душмандын жоокер баатырынын элесин гана көрөбүз.
Б. Жумабаев. Жолой.
Б. Жумабаев. Жолой.
Саякбай Карала уулу Ж-дун портретин сүрөттөөдө баатырдык жана балбандык белгчлери менен шайкеш мыкаачылык жана кан ичкичтик сыяктуу терс сапаттардын бүтүндөй бир градациясын пайдаланат:
Өлчөөң кеткен бул Жолой
Өлтүрүп канга тойбогон.
Жан кыйгычтын бири ошол,
Жан алгычтын өзү ошол,
Кан ичип жүрүп катыккан.
Каары толук заары күч,
Бул капырдан күдөр үз.
Төбө чачы сүксүйүп,
Жеп ийчүдөй үксүйүп.
Качырган каман төштөнүп,
Алуучу аюу көздөнүп,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Айкырып сунган айзасы
Карагайдай көрүнүп,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Жолум үйдөй чоюн баш
Билекке орой чалынуу
Жолойду көрсөң көзүң ач! (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 536-инв., 325-б.).

Ж. баскынчы баатыр катарында калмак жоокерлерине кол башчылык кылып, талоончул жортуулдарга баштап кирет. Жекеге чыгып, согуш майданында эрдик көрсөтөт.
Жолойдун оттук ташы (Кегети өрөөнү).
Жолойдун оттук ташы (Кегети өрөөнү).
Эпосто Ж-дун эзели жоого алдырбаган баатыр экендиги, атактуу балбан аталып калмак, кытайлардын бичигине чийилгендиги, өзүнө мүдөөлөш баскынчы душман баатырларынын колунан келбеген, күчү жетпеген иштерди аткарган эрдик сапаттары баяндалат. Ж.— Коңурбай сыяктуу айлакер, куу адам эмес, болжолсуз кара күчү бар балбан. Ж-дун жанда жок соргоктугу анын ушул өзгөчөлүгү менен байланышкан. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтай кандын ашы» эпизодунда Ж-дун сорунган соргоктугу мындай берилет:
Бир күндө анын жегени —
Тогуз бука эти экен,
Тогуз кочкор эти экен
Тогуз буура эти экен
Тогуз айгыр эти экен.
Бир күндө анын ичкени —
Токсон саба кымыз экен (Валиханов жазып алган эпизод, «АлаТоо», 1979, № 7. 83-б.).

Радлов жазып алган вариантта кан Ж-дун сорунган соргоктугу: «Тамак жесе тойбогон, Суусун ичсе канбаган», — деп мүнөздөлөт. В. Радловдун пикири боюнча укмуштуудай сорунган соргок Ж. кан Манаска татыктуу баскынчы баатыр жана балбан. «Манас» эпопеясынын кийинки жазылган варианттарындагы туруктуу формулада айтылган поэтикалык ыр саптары да Ж-дун сорунган соргоктугун аныктап турат: «Алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган чоң Жолой, Алты батман буудай жеп, дан жыттанган чоң Жолой». Ж-дун күчү духунун бекемдигинде эмес, бул сапат анын ички дүйнөсү менен байланышпайт. Кеп ошол ички сапаттын жарды, көңдөйлүгүндө. Аны күчтүү кылып жаткан эрдиктин күчү эмес, тамактын күчү. Чынында эле ар-намыс, адамкерчилиги бар киши конокко келип эт уурдап жемек эмес (Көкөтөйдүн ашында Ж-дун кемеге башында быша элек этти зордуктап жегени жөнүндөгү эпизод). Ж-дун ыксыз кара күчү менен жанда жок соргоктугуна ашкан ала көөдөн, мактанчаактыгы шайкеш келип, анын рухий жардылыгын, көңдөйлүгүн ого бетер айгинелеп турат. Жоо баатыры Жолойдун рухий жардылыгы, адепсиздик, көңдөйлүгүнөн тышкары анын образына кекчилдик, ач көздүк, жаңжал чыгарууга жакындык сыяктуу терс сапаттар мүнөздүү. Ж-дун ашынган ачкөздүгүн «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабыштын байгесин күч менен тартып алган зордукчулдук иш-аракети айгинелейт. «Ачбуудандын байгесин, алдырганча өлөлү» деп жаңжал чыгаргандардын бири Ж. болот. Радлов жазып алган вариантта да Ж. баш болгон калмактар кыргыздардын мал-мүлкүн талап алышат. Жекеме-жекеде Манас баатыр Ачалбарс кылычы менен Ж-дун башын кыя чабат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ж. бул эпизоддо өлбөйт, «Манас» бөлүмүнүн дээрлик бардык окуяларына катышып, кийинчерээк ажал табат. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Ждун образынын салттуулугу сакталган жана акырына чейин элдин оң идеалына, көз карашына карама-каршы коюлган. Ошондуктан эпика.лык Ждун образынын да кеңири масштабда жогорку көркөмдүктө баяндалышы «Манас» эпопеясынын монументалдуулугунун дагы бир фактору катары эсептелүүгө тийиш.
С. Алиев

Киргизско-русский словарь Юдахина
путник;
жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо, үйдөгүсү жакшы погов. путник хорош в пути, а если не в пути, хорош он дома (т.е. если уж двинулся в путь, так нужно двигаться).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жоло-
позволить приблизиться, дать близко подойти;
жанына жолотпойт он близко к себе не подпускает, к нему не подступиться;
жолото койбой чап- южн. не подпускать близко к себе.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«ЖОЛ ТАЛАШ», «Алмамбет менен Чубак» — Алмамбет менен Чубактын чатагына байланыштуу элдик күү. Күүнүн чыгышына эпостогу төмөнкү окуя себепчи болгон. Чоң казатка баратканда Алмамбет жанына Сыргакты алып, чалгынга жөнөйт. Бир кытайдан кем болдуң деген көкүткөн сөздөрдөн улам ачууланып, куру намыска алдырган Чубак Алмамбеттин аркасынан жөнөйт. Эрегиште бири-бирин мерт кылып койбосун деп артынан барган Манас тирешип калган экөөнү ажыратат. Алмамбет менен Чубак элдешип, төртөө андан нары жүрүп, Тал-Чокуну таянышат. Бул күүнү Ыбырай Туман уулу «Ж. т.», Асанаалы Кыштообай уулу «Алмамбет менен Чубак» деген ат менен кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жаздырышкан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мансап же башка максат үчүн бирөө менен ат салышуу. Дүр окууну нечен жылда мыкты бүттү. Орус төрөлөрүнө алынып, астыртан жол талашып, өзү бийлеп баратканын көргөн кыраан атасы билгизмемиш этти (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сапар чегүү, жолго чыгуу, жөнөө. Тек, ошондо сен калдайган ырчы, күүчү, обончу шаңшып, топ менен калдайып жол тартасың (Бейшеналиев). – Молдоке-е аттаналы-ы! Жол тарталы-ы. – Бизди көп кечикпегиле деген. Кармалып калдык! (Бейшеналиев). Эми жол тартканы турасың го? – деп Алымкул ордунан турду (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сапар чегүү, жолго чыгуу, жөнөө. Тек, ошондо сен калдайган ырчы, күүчү, обончу таңшып, топ менен калдайып жол тартасың (Бейшеналиев). - Молдоке-е аттаналы-ы! Жол тарталы-ы. - Бизди көп кечикпегиле деген. Кармалып калдык! (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
помеха;
жолто кылба не мешай;
ишиме жолто кылды он помешал мне (в моём деле);
баатырлардын алдынан катын чыкса булактап, жолто болот дечү эле фольк. говаривали, будет помеха, если перед богатырями женщина проплывёт (букв. выйдет) павой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или ак жолтой)
приносящий счастье, несущий удачу; удачливый;
сактап келдим аманат сан душмандын ичинен курсакта жолтой балаңды фольк. сохранила я и принесла во чреве среди бесчисленных врагов твоего ребёнка, твоё счастье;
ак жолтой конок гость, приносящий счастье;
баатыр абам ак жолтой, аттанып чыкса - сан колдой фольк. мой удачливый храбрый дед, когда выступает в поход, равен он несметному войску;
"ак жолтой болуп, аскерден атасы келсин" деп, атын "Акжолтой" коюшту имя (мальчику) дали Акжолтой, чтобы отцу его сопутствовала удача, и он бы возвратился с фронта (букв. из армии);
куу жолтой (о мальчике) озорной;
кара жолтой приносящий несчастье.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: ак жолтой — бактылуу, таалайлуу; жакшылыкты алып келе турган. Ырысың чоң бактылуусуң ак жолтой (Аалы). Сен ак жолтой жигит көрүнөсүң (Жантөшев). Астыга салсаак жолтой, Аркага салса — сан колдой («Манас»). Кара жолтой — бакытсыз, таалайсыз; жамандыкты алып келе турган. Кара жолтой болдуң.., Эриңди жалмадың (Жантөшев). «Кара жолтой болду» деп, Үстүнө ушак жабылат (Токтогул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ак жолтой, кара жолтой сыяктуу учурда айтылуучу жолтой сөзү жол+той бөлүктөрүнөн куралган. Анын жол уңгусу — «бакыт, таалай, ырыс» деген маанидеги сөз. Моңгол тилиндб зол сөзү «бакыт» манисин берет (МРС, 197). Ал эми -тай мүчөсү моңгол тилинде кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисинде колдонулат. Ошондо жолтой сөзү «бактылуу» маанисиндеги сөз болуп чыгат. Кыргыз тилинде жол (баса турган жол) сөзү менен жол «бакыт» сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү бирдей болгондуктан, аларды бир сөз катары кабыл алуу үстөмдүк кылып кеткен. Ошондуктан жолуң болгур!, жолдуу деген сездөр өзүнчө омонимдер катары таанылбай, бир сөздүн уясында жайгаштырылып, котормо жана түшүндүрмө сөздүктөрдө өзүнчө белгиленбей келүүдө.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоскоол, каргаша, кедерги, кесепет. Балдардын тилегине жолтоо кылбайлы (Бейшеналиев). Аттиң арман-ай, уулуңуз жолтоо болбогондо, иш оңунан чыкмак экен да! (Жантөшев). Жолго жолтоо кылбаңыз! («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, иштин, аракеттин аткарылышына, максаттын жүзөгө ашырылышына карата болгон тоскоол, каргаша, кесепет. Балдардын тилегине жолтоо кылбайлы (Бейшеналиев). Жол ачылып турганда, Жолго жолтоо кылбаңыз («Эр Табылды»)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кайталануу ирети, мертебе. Садык районго нечен жолу барып келди (Байтемиров). Эки жолу Абдылда жигит болуп роль аткарган (Байтемиров). 2. Белгилүү бир мезгилде, учурда. Өткөн жолу байгени Маруся алган (Сыдыкбеков). Амантур бул жолу жөн эле окуу үйүнө кирип калды (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. к. АК ЖОЛУ АЧЫЛУУ 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Ш. Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. к. ак жолу ачылуу. 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, - деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, – деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кезигүү, кездешүү, кез келүү; учурашуу. Бир кыйын окуяга жолуктум (Жантөшев). Он күндөн бери жол тосуп, Бүгүн араң жолуктум («Курманбек»). Ашыр Дашага да жолукту (Сасыкбаев). Омор менен мугалимдер көп жолугушат (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
встречаться, повстречаться, повидаться;
ага жолугуп кет повидайся с ним, зайди к нему, повстречайся с ним;
жолдошуна жолукту он повстречался со своим товарищем;
тандап, тандап, тазга жолукту погов. (девица) выбирала, выбирала, да на паршивого (жениха) напала (о слишком разборчивом человеке).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кезигүү, жүздөшүү, учуроо, кездешүү. Ашыр Дашага да жолукту (Сасыкбаев). Он күндөн бери жол тосуп, Бүгүн араң жолуктум («Курманбек»). 2. Дуушар болуу, кез келүү, туш келүү, чалынуу. Бир кыйын окуяга жолуктум (Жантөшев). Аңдабай келип Элдияр, Азапка эми жолукту («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши илгери болбогон, иши оңунан чыкпаган, таалайсыз деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин, Акмактыгын карачы («Эр Төштүк»). Жоголгондор табылып, Жолу каткан чоронун, Абийири минтип жабылып («Сейтек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши илгери болбогон, иши оңунан чыкпаган, таалайсыз деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин Акмактыгын карачы («Эр Төштүк»). Жоголгондор табылып, Жолу каткан чоронун Абийири минтип жабылып («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жолум (или жолум үй) джуламейка (небольшая юрта без кереге, которая обычно ставится для конских и овечьих пастухов);
жолум үй тик- поставить джуламейку;
жолум үйдөй чоюнбаш, бир жагына байланган фольк. (богатырь) привязал себе с одного бока булаву величиною с джуламейку;
жолум үйдөй чоң даңкан төбөсүндө чыркырап фольк. ископыть (богатырского коня) величиной с джуламейку со свистом над ним пролетает.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чакан, кичирээк боз үй. Тез-тез орун алмашып көчүп-конуп же жортуулдап жүргөнгө ылайыкталып жеңил жасалган боз үй. Кээде кереге, түндүксүз эле ууктун баштары бириктирилип тигилген. Жолум үйдөй күрсү алган («Манас» С. К.). Жолум үй тик. Жарга тийген жеринен жолум үйдөй из калып (Жеңижок). Кеч бешимде Шамшы белинин тескейиндеги Туюк төрдө жылкычылардын жолум үйүнө түнөп түш оой айылга жакындашты. (Абакиров). Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен(«Эр Төштүк»). Жолум үйдөй даңканы, Кемпирди көздөп ыркырап («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тосуу, тоскоолдук кылуу. – Уккула! Ак жолума кимде ким чылбыр таштап, куранды аттай турган болсо, ар кимиңди мына ушундай жазалайм (Жоошбаев). В.: Жолуна бөгөт болуу. Же Тоголок Молдо акунума теңелбей, кол куушуруп жолуна бөгөт болбоюн дегенби? (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн ишин улантуу, бирөөнүн артынан ээрчүү, бирөөдөн нуска таалим алып, ошондой болууга аракеттенүү, көрсөтүлгөн багыт боюнча жүрүү, багыт берген жолго түшүү. Эжеңдин жолун жолдоп, жаш эмессиңби, сен да ошондой алтын жылдыз тагынып калгың бардыр (Убукеев). – А Байымбетим, кара түйшүккө караганда кызыл тилден баар табаар, эрини жука, көзү тирүү, өмүр берсе, менин жолумду жолдоор (Бейшеналиев). Наркын тартып атанын, Жолун жолдоп бара албай («Сейтек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн ишин улантуу, кылганын кылуу. -А Байымбетим, кара түйшүккө караганда кызыл тилден баар табаар, эрини жука, көзү тирүү, өмүр берсе, менин жолумду жолдоор (Бейшеналиев). Наркын тартып атанын, Жолун жолдоп бара албай («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн көрсөткөн жакшылыгына кандайдыр ишке жарап бергенине ж. б. карата сый катарында бир нерсе берүү, тартуулоо. Колдон келсе жолуңузду кылсак болот эле, бирок эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз (Жантөшев). Эми, эмне болсо ошо болсун, ушул туягын бир балээ кылып бер, жолуңду кылайын (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдир бирөөнүн көрсөткөн жардамына, жакшылыгына карата сый көрсөтүү. Эми, эмне болсо ото болсун, ушул туягын бир балээ кылып бер, жолуңду кылайын (Ш. Үмөталиев). Колдон келсе, жолуңузду кылсак болот эле, эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдир бирөөнүн орунсуз иш жасаганына, чекилик кылып коюшуна, кылык-жоругуна карата кейип, өкүнгөндүгүн билдирип жемелөө иретинде колдонулат. - Ой, жолун, болгур, сүйүн дебейсиңби! (Бейшеналиев). - О, жолун, болгур десе, жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Оо, жолуң болгур десе, сенин өзүңдүн маңдай териң мелен тапкан акчаң бар эмеспи (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн орунсуз иш жасаганына, чекилик кылып коюшуна, кылык-жоругуна карата кейип, өкүнгөндүгүн билдирип жемелөө иретинде колдонулат. – Ой, жолуң болгур, сүйүн дебейсиңби! (Бейшеналиев). – О, жолуң болгур десе, жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Оо, жолуң болгур десе, сенин өзүңдүн маңдай териң менен тапкан акчаң бар эмеспи (Саатов). В.: Жолуң каткыр! Ой, жолуң каткыр! Ушундай да иш кыласыңбы? Э, жолу каткыр!

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолуң жакшы болсун, жолдо эч кырсыкка учурабай барып кел деген мааниде жакшы тилек кылуу, бата берүү иретинде колдонулат. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, балам! - деп карыя адам бата берди («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолуң жакшы болсун, жолдо эч кырсыкка учурабай барып кел деген мааниде жакшы тилек кылуу, бата берүү иретинде колдонулат. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, балам.! – деп карыя адам бата берди («Ала-Тоо»). В.: Жолуң шыдыр болсун! – Сааданбек, эми жакшылап айда, алдыңа кетейин... – Жолуң шыдыр болсун! (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаш курагына карабай сыйлануучу урматталууга жөнү бар, ызаатталууга жол берүүчү себеби бар адам, кадырлуу, сыйлуу адам. Кичүү болгонуң менен сенин жолуң улуу, өйдө өт, өйдө өт, – деп калышты мага. – Өт Баке, төргө, аяк алып ичер улуулугум болгон менен сен мага кайнагасың («Кыргызстан маданияты»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛ ФОНДУСУ – КР аймагынын жол тармагы менен коомдук колдонуудагы автожолун долбоорлоо, күтүү, оңдоо, кайра куруу жана техникалык жактан жабдуу, ошондой эле жол кыймылын жөнгө салууда колдонулуучу техникалык каражаттарды сатып алууну каржылоо үчүн түзүлөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. проводник;
2. строитель дороги, человек, работающий на строительстве дороги;
3. ист. человек, обслуживавший почтовые тракты (очищал, исправлял, а также выезжал со своей лошадью на помощь застрявшей почтовой повозке).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жол кызматындагы же жол куруучу адам. Кубангандан жолчулар, Кужулдашып калышты (Аалы). Балыкчы азыркы күндө темир жолчулардын, кемечилердин, өндүрүшчүлөрдүн гүлдөгөн шаары болуп калды (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жол куруучу же жол кызматында иштөөчү адам. Кубангандан жолчулар, Кужулдашып калышты (Токомбаев). 2. тар. Почта жолунда иштөөчү, жолду тазалоочу, оңдоочу жана кирекечтерге жардам берүүчү адам. Жолчулардын кыштоолору ушул жерден көрүнүп турат (Элебаев).