Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ак жолтой, кара жолтой сыяктуу учурда айтылуучу жолтой сөзү жол+той бөлүктөрүнөн куралган. Анын жол уңгусу — «бакыт, таалай, ырыс» деген маанидеги сөз. Моңгол тилиндб зол сөзү «бакыт» манисин берет (МРС, 197). Ал эми -тай мүчөсү моңгол тилинде кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисинде колдонулат. Ошондо жолтой сөзү «бактылуу» маанисиндеги сөз болуп чыгат. Кыргыз тилинде жол (баса турган жол) сөзү менен жол «бакыт» сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү бирдей болгондуктан, аларды бир сөз катары кабыл алуу үстөмдүк кылып кеткен. Ошондуктан жолуң болгур!, жолдуу деген сездөр өзүнчө омонимдер катары таанылбай, бир сөздүн уясында жайгаштырылып, котормо жана түшүндүрмө сөздүктөрдө өзүнчө белгиленбей келүүдө.