Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. к. АК ЖОЛУ АЧЫЛУУ 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Ш. Үмөталиев).