Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам, жанында кошо болгон адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Уй кайтарган кара таз, Жолдош кылып берди эле («Эр Төштүк»). 2. Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, бирге жүргөн таттуу, ынак адам. Жамандыкты жолотпойт, Ак тилектүү жолдошум (Осмонов). Сыр алышкан жолдошторду дагы, көрөр бекемин? – деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев). 3. Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). 4. Коомдун граждандарына кайрылууда, өлкөлөрдүн гражданини экендигин белгилөө иретинде колдонулат. – Кош, жолдош башкарма! Акийма карындашка кандай байге болот? (Жантөшев). – Сиздин мисалды уккубуз келет, жолдош Карабашев (Сыдыкбеков).