ЖОЛ БОЛСУН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жолго чыккан, бир жакты көздөй жөнөгөн кишинин жолу шыдыр болушун тилеген каалоо катарында айтылат. Сапарга чыксаң – жол болсун («Манас»). 2. «Кайдан» «кандай жумуш менен келе жатасың?» деген мааниде колдонулат. – Кайда баратасың? жол болсун (Абдукаримов). – Акунжансыңбы? – Жол болсун үкөм (Байтемиров). 3. Мунуңа жол болсун! – «бул эмне кылганың», «дагы эмнени чыгара койдуң» деген мааниде колдонулат. Күйөө балаңыз менен кызыңызга ынтымак-ырыс каалап, өзүңүз ичпей койгонуңузга жол болсун, – деп Көкөтөй кысынган чалдын айласын түгөттү (Айтматов). Мына ушундай сөзү өтүмдүү болуп турганда Койсун кайра артка кетип отурганына жол болсун?! (Медетов). Мунуңа жол болсун?