Киргизско-русский словарь Юдахина
помеха;
жолто кылба не мешай;
ишиме жолто кылды он помешал мне (в моём деле);
баатырлардын алдынан катын чыкса булактап, жолто болот дечү эле фольк. говаривали, будет помеха, если перед богатырями женщина проплывёт (букв. выйдет) павой.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или ак жолтой)
приносящий счастье, несущий удачу; удачливый;
сактап келдим аманат сан душмандын ичинен курсакта жолтой балаңды фольк. сохранила я и принесла во чреве среди бесчисленных врагов твоего ребёнка, твоё счастье;
ак жолтой конок гость, приносящий счастье;
баатыр абам ак жолтой, аттанып чыкса - сан колдой фольк. мой удачливый храбрый дед, когда выступает в поход, равен он несметному войску;
"ак жолтой болуп, аскерден атасы келсин" деп, атын "Акжолтой" коюшту имя (мальчику) дали Акжолтой, чтобы отцу его сопутствовала удача, и он бы возвратился с фронта (букв. из армии);
куу жолтой (о мальчике) озорной;
кара жолтой приносящий несчастье.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: ак жолтой — бактылуу, таалайлуу; жакшылыкты алып келе турган. Ырысың чоң бактылуусуң ак жолтой (Аалы). Сен ак жолтой жигит көрүнөсүң (Жантөшев). Астыга салсаак жолтой, Аркага салса — сан колдой («Манас»). Кара жолтой — бакытсыз, таалайсыз; жамандыкты алып келе турган. Кара жолтой болдуң.., Эриңди жалмадың (Жантөшев). «Кара жолтой болду» деп, Үстүнө ушак жабылат (Токтогул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ак жолтой, кара жолтой сыяктуу учурда айтылуучу жолтой сөзү жол+той бөлүктөрүнөн куралган. Анын жол уңгусу — «бакыт, таалай, ырыс» деген маанидеги сөз. Моңгол тилиндб зол сөзү «бакыт» манисин берет (МРС, 197). Ал эми -тай мүчөсү моңгол тилинде кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисинде колдонулат. Ошондо жолтой сөзү «бактылуу» маанисиндеги сөз болуп чыгат. Кыргыз тилинде жол (баса турган жол) сөзү менен жол «бакыт» сөздөрүнүн тыбыштык түзүлүшү бирдей болгондуктан, аларды бир сөз катары кабыл алуу үстөмдүк кылып кеткен. Ошондуктан жолуң болгур!, жолдуу деген сездөр өзүнчө омонимдер катары таанылбай, бир сөздүн уясында жайгаштырылып, котормо жана түшүндүрмө сөздүктөрдө өзүнчө белгиленбей келүүдө.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоскоол, каргаша, кедерги, кесепет. Балдардын тилегине жолтоо кылбайлы (Бейшеналиев). Аттиң арман-ай, уулуңуз жолтоо болбогондо, иш оңунан чыкмак экен да! (Жантөшев). Жолго жолтоо кылбаңыз! («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, иштин, аракеттин аткарылышына, максаттын жүзөгө ашырылышына карата болгон тоскоол, каргаша, кесепет. Балдардын тилегине жолтоо кылбайлы (Бейшеналиев). Жол ачылып турганда, Жолго жолтоо кылбаңыз («Эр Табылды»)