Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: ак жолтой — бактылуу, таалайлуу; жакшылыкты алып келе турган. Ырысың чоң бактылуусуң ак жолтой (Аалы). Сен ак жолтой жигит көрүнөсүң (Жантөшев). Астыга салсаак жолтой, Аркага салса — сан колдой («Манас»). Кара жолтой — бакытсыз, таалайсыз; жамандыкты алып келе турган. Кара жолтой болдуң.., Эриңди жалмадың (Жантөшев). «Кара жолтой болду» деп, Үстүнө ушак жабылат (Токтогул).