Киргизско-русский словарь Юдахина
1. полосатый, в полоску;
жолдуу кызыл көйнөк красное полосатое платье;
2. стоящий на пути (к хорошему или плохому);
аттан жолдуу ему везёт на лошадей, ему всегда попадаются хорошие лошади;
жолдуу бол- или ак жолдуу бол- быть удачливым, сопутствуемым удачей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жолу бар, жол салынган.
2. Олжолуу, ийгиликтүү, иши оңолгон, бир нерсеге жетишкен, тилеги ордунан чыккан. Башынан аялдан жолдуу эр эмки аракетин Бурмага багыттады («Чалкан»). Аттан жолдуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узатасынан тилке-тилке түшүрүлгөн жолу, изи бар, сызыктуу. Майда көгүш жолдуу бөз жегдесинен тамтык жок (Абдукаримов). 2. Олжолуу, олжосу бар, жолу болгон. Уудан жолдуу кайтты. Аттан жолдуу.