ЖОЛУНА ЧЫЛБЫР ТАШТОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тосуу, тоскоолдук кылуу. – Уккула! Ак жолума кимде ким чылбыр таштап, куранды аттай турган болсо, ар кимиңди мына ушундай жазалайм (Жоошбаев). В.: Жолуна бөгөт болуу. Же Тоголок Молдо акунума теңелбей, кол куушуруп жолуна бөгөт болбоюн дегенби? (Бейшеналиев).