Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Илбирс жолборстон сырткы түрү боюнча ала чокул тактары бар түсү менен айырмаланат. Ошол белгисине карап илбирс (<ала+барс) аталышы мүмкүн. Анткени азыркы кыргыз тилиндеги ала сөзү алтай тилинде өлө болуп айтылат. Болжолу, ушул сыяктуу болуп ала сөзү өлө, иле түрүндө айтылган түрк тилинде пайда болгон ат кийин бардык түрк тилдерине тарап кетиши да мүмкүн.