ЖОЛБОРС Краткий этимологический словарь кыргызского языка Илбирс, арстандан жолборсту айырмалап турган белгиси — анын жол-жол болгон ак менен кызыл түс аралашкан темгили. Ошондуктан бул жырткыч жолбарс аталып, барс сөзүнүн а тыбышы жол сөзүндөгү о тыбышына үндөшүп кетишинен азыркыдай жолборс түрүнө келген.