Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тыкыр сары жүндүү ири жырткыч айбан. Арстан катуу качырат, жумшак алат (макал).
2. өт. Баатыр, каарман, эр жүрөк. Бактылуу бол, жеңиштүү кел, Арстан жүрөк бөбөгүм (Аалы). Арстан Манас мингени Айбанбоз сындуу аты бар («Манас»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жаныбарлардын падышасы катары эсептелген эң чоң жырткычтын — арстандын, атынын келип чыгышы жөнүндө айтылган толуп жаткан болжолдор бар. Э. В. Севортян аны арс+лан деген бөлүктөргө бөлүп, арс уңгусу арсылда деген сөздө катышып, жапайы жырткычтардын арылдашын туураган сөз деп карайт, -лан мүчөсүн кыймыл-аракеттин аткарылышын көрсөтүүчү мүчө деп эсептейт (Севортян, 19?4, 77—178). О Прицак арстан сөзүн барс+лан деген бөлүктөргө ажыратып, барс сөзү иран тилинен кабыл алынган, -лан мүчөсү коллективдүүлүктү билдирет деп эсептейт. Байыркы түрк тилинде арсал сөзү «сары, куйкул сары» деген маани берген (ДТС, 55). Мына ушул сөздүн аяккы ал деген тыбыштары ла болуп метатезаланган, аягына ашыкча н тыбышы кошулуп, арслан түрүнө келген. Азыркы огуз тилдеринде ушундай формасы колдонулат. Кыргыз тилинде с тыбышынан кийинки л тыбышы прогрессивдүү ассимиляциянын таасири менен т тыбышыпа өтүп, арстан болгон. Мындай атка арстан өзүнүн өңүнө жараша ээ болгон. Ал жолборстон, кабылан менен илбирстен куйкул саргыч түсү менен айырмаланат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тыкыр сары жүндүү, эркектеринин тармалданган чоң жалы бар, мышык түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан. Кара кулак арстан бар, Чыргайлуу токой бадалда (макал). 2. өт. Эр жүрөк, баатыр, каарман. Арстан Манас мингени, Айбанбоз сындуу аты бар («Манас»). Башкага жаман көрүнсө, Өзүмө жакшы арстаным (Тоголок Молдо). 3. Зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан Арстан топ жылдызы.