Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Илбирс жолборстон сырткы түрү боюнча ала чокул тактары бар түсү менен айырмаланат. Ошол белгисине карап илбирс (<ала+барс) аталышы мүмкүн. Анткени азыркы кыргыз тилиндеги ала сөзү алтай тилинде өлө болуп айтылат. Болжолу, ушул сыяктуу болуп ала сөзү өлө, иле түрүндө айтылган түрк тилинде пайда болгон ат кийин бардык түрк тилдерине тарап кетиши да мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мышыктар түркүмүнө кирүүчү темгил-темгил тактары бар абдан шамдагай ири жырткыч. Карышкыр, илбирс, сүлөөсүн, Капканыңа чабылган (Токтогул). 2. Ушул айбандын терисин жана терисинен жасалган буюмдарды билдирүүдө колдонулат. Керегеде илинген карышкыр, илбирс ичиктер турат («Жомоктор»).