ЖОЛБОРС
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жол-жол темгилдүү, мышыктар тукумуна кирүүчү чоң жырткыч айбан. Кабылаң, жолборс, бөрү бар. Илбирс, аюу, шери бар (Тоголок Молдо). 2. өт. Баатыр, эр жүрөк, эч нерседен коркпогон, тайманбас. Бай Жакыптан туулган, Баатыр Манас жолборсу («Манас»). Качырганын куткарбас, Кадимки жолборс эри бар (Токтогул).