Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОЛБОРСААЛЫ Турдаалы уулу (Токтогул району, Токтогул айылы) — «Манас» айтуучу. «Манасты» 1947-жылдан китептен үйрөнүп айта баштаган. Ата-бабаларынан, туугандарынан «Манас» айткандары болгон эмес. Андан «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» эпизодунан үзүндү (367 сап) гана жазып алынган.