Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдир бирөөнүн орунсуз иш жасаганына, чекилик кылып коюшуна, кылык-жоругуна карата кейип, өкүнгөндүгүн билдирип жемелөө иретинде колдонулат. - Ой, жолун, болгур, сүйүн дебейсиңби! (Бейшеналиев). - О, жолун, болгур десе, жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Оо, жолуң болгур десе, сенин өзүңдүн маңдай териң мелен тапкан акчаң бар эмеспи (Саатов).