ЖОЛГО САЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Амалын таап жөнөтүп жиберүү, эптеп кутулуу. Сөйкөмдү бердим колуна, Зөөкүрдү салдым жолуна (Тоголок Молдо). Аны эптеп жолго салдым. 2. к. жолго коюу. Билбегенин билгизип, Минтип жолго салалы («Манас»). Адашканын баяндап туура жолго салып жүр («Мендирман»).