жолдош
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Жанаша жүрсө жаркылдап, Жан жолдошум кырк жигит («Курманбек»). Чоло жок сыр айтышар, кайгы жазар, Жолдошум жанымдагы шордуу Назар (Барпы).
¨ Жолдош-жоро — бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар тең туштар. Газеталарды жолдош-жоролоруна окуп берет (Бөкөнбаев). Жаштар үйлөрүн, жолдош-жоролорун сагынышты (Баялинов). Күйөө жолдош — күйөөлөп барган жигиттин жолдошу. Үзөңгү жолдош — бирге жол жүргөн, иште, кызматта бирге болушкан, бирге эмгектенишкен жолдоштор.
- 2. Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, татуу, ынак адамдар. Жамандыкты жолотпойт Ак тилектүү жолдошум (Осмонкул). «Сыр алышкан жолдошторду дагы көрөр бекенмин?» деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев).
- 3. Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). Жаракөр жан жолдошум Келсе экен деп тилеймин (Маликов).