жолдош I
1. спутник;
жан жолдош см. жан II;
2. товарищ, друг;
жаман жолдош жоого алдырат погов. плохой товарищ врагу выдаст;
күйөө жолдош этн. дружка (парень, сопровождающий жениха в его поездках к невесте);
3. супруг, супруга;
өмүрдүк жолдош подруга жизни;
4. товарищ (форма обращения);
жолдош Сарыбаев товарищ Сарыбаев.
жолдош- II
взаимн. от жолдо-.
зат. 1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам.
Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал).
Жанаша жүрсө жаркылдап, Жан жолдошум кырк жигит («Курманбек»).
Чоло жок сыр айтышар, кайгы жазар, Жолдошум жанымдагы шордуу Назар (Барпы).
- 2. Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, татуу, ынак адамдар. Жамандыкты жолотпойт Ак тилектүү жолдошум (Осмонкул). «Сыр алышкан жолдошторду дагы көрөр бекенмин?» деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев).
- 3. Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). Жаракөр жан жолдошум Келсе экен деп тилеймин (Маликов).
¨
Жолдош-жоро — бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар тең туштар.
Газеталарды жолдош-жоролоруна окуп берет (Бөкөнбаев).
Жаштар үйлөрүн, жолдош-жоролорун сагынышты (Баялинов).
Күйөө жолдош — күйөөлөп барган жигиттин жолдошу
. Үзөңгү жолдош — бирге жол жүргөн, иште, кызматта бирге болушкан, бирге эмгектенишкен жолдоштор
.
companion ком’пэнйэн;
comrade ‘комрид;
fellow ‘фэлоу;
friend фрэнд
1. Сапарга бирге чыккан, бирге жол жүргөн адам, жанында кошо болгон адам. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат (макал). Уй кайтарган кара таз, Жолдош кылып берди эле («Эр Төштүк»). 2. Көңүлү, пикири жакын, бири-бирине күйүмдүү, бирге жүргөн таттуу, ынак адам. Жамандыкты жолотпойт, Ак тилектүү жолдошум (Осмонов). Сыр алышкан жолдошторду дагы, көрөр бекемин? – деген суроо Каныбек үчүн табышмак (Жантөшев). 3. Аялы же күйөөсү. Атакем кошкон жолдошум, Энекем кошкон теңдешим («Эр Табылды»). 4. Коомдун граждандарына кайрылууда, өлкөлөрдүн гражданини экендигин белгилөө иретинде колдонулат. – Кош, жолдош башкарма! Акийма карындашка кандай байге болот? (Жантөшев). – Сиздин мисалды уккубуз келет, жолдош Карабашев (Сыдыкбеков).
ЖОЛДОШЕВ Токчоро (1902, Пишпек уезди, Сарбагыш болушу, Кара-Жылга айылы — 1937)— советтик партиялык ишмер, кыргыз совет адабиятчысы.

1925-ж. Алматыдагы Казак-кыргыз эл агартуу институтун бүтүргөн. 1925-жылдан Каракол-Нарын округунда эл агартуу бөлүмүн жетектеген. 1927-ж. Москвадагы Борбордук улуттар басмасынын кыргыз секциясына жооптуу секретарь болгон. 1927 — 28-ж. Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын Академиялык борборунда төрагасы, 1929—31-ж. Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчө, жооптуу секретарь, 1931 — 32-ж. Кыргызстан колхоз борборунун (азыркы керек-жарак союзу) төрагасы, 1933—35-ж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары болгон. Ж-дын редакторлугу менен Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөнү», Тыныбек Жапый уулу айткан «Семетейден» үзүндү басылып чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын жазылып калышына камкордук кылган инсандардын бири.
Бирге жүргөн, бирге иштеген, жолдошчулугу бар теңтуштар. Жаштар үйлөрүн, жолдош-жоролорун сагынышты. (Баялинов).
этиш. Жолдошум деп эсептөө, жолдош катарында саноо. Жолдошсуп келген ар качан, Дагы бир досум ал кезде (Маликов).
Жолдошум деп эсептөө, жолдош катары саноо. Жолдошсуп келген ар качан, Дагы бир досум ал кезде (Маликов).
этн. Жаштардын оюну, отуруштарда, жоролордо, майрамдарда ойнолот.
1. стать спутником, быть спутниками; быть в сообществе;
жан жолдошум сексен кыз, жолдоштошуп жүргөмүн фольк. в свите моей восемьдесят девиц, с ними я проводила время;
2. сдружиться, стать друзьями, товарищами.
дружба, товарищеские отношения;
жолдоштукка ал- взять в товарищи, взять в спутники;
жолдоштук беттешүүсү спорт. товарищеская встреча.
зат. Жолдош иретинде болгон мамилеге негизделген жакындык. Алыш-бериш — жолдоштуктун иши. Узаткандын жолдоштукка тоому жок (макал).
жолдоштук, жолдоштугу, жолдоштукка
жолдоштук сот
Жолдош иретинде болгон мамилеге негизделген жакындык, ынактык, жолдошчулук. Мен Зина менен жолдоштук иретинде гана жүрөмүн, Вера Ивановна,– деди Сапар (Сасыкбаев).
ЖОЛДОШТУК СОТТОР – командирлердин жетекчилигинде иштөөчү аскердик коомчулук органы, командирлер иштөөгө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга, окуу уюштурууга жана көзөмөл жүргүзүүгө ж. б. тийиш. Ж. с. бекем аскердик тартипти жана укук тартибин камсыз кылууга, куралдуу күчтөрдүн өздүк курамынын ичинде тартип бузууларды алдын алууга көмөктөшүүгө чакырылган. Ж. с. өздөрүнүн отурумдарында аскер кызматкерлеринин тиртип бузууларын гана карашпастан, аларга коомдук таасир этүү чараларын көрүшөт, ошондой эле башка түрдөгү алдын алуу, укуктук тарбиялоо иштерин жүзөгө ашырышат.
чувство дружбы, товарищества, приятельские отношения;
жолдошчулугу мыкты неме он верный товарищ; он товарищескому чувству не изменит.
жолдошчулук, жолдошчулугу, жолдошчулукка
жолдоштук менен бирдей. Аз күндүк жолдошчулук эки кызды анча сырдаштыра алган эмес (Сыдыкбеков).