ЖОЛУ БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, – деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).