Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн орунсуз иш жасаганына, чекилик кылып коюшуна, кылык-жоругуна карата кейип, өкүнгөндүгүн билдирип жемелөө иретинде колдонулат. – Ой, жолуң болгур, сүйүн дебейсиңби! (Бейшеналиев). – О, жолуң болгур десе, жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Оо, жолуң болгур десе, сенин өзүңдүн маңдай териң менен тапкан акчаң бар эмеспи (Саатов). В.: Жолуң каткыр! Ой, жолуң каткыр! Ушундай да иш кыласыңбы? Э, жолу каткыр!