жол
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Аркы-терки жүрүү, каттоо, басып өтүү үчүн колдонулган тилке жер; ар кандай транспорттун өтүп турган белгилүү бир багыты, жери. Жалгыз аяк жол. Төтө жол. Шоссе жол. Аба жолу. Суу жолу.
2. Өтө турган жер. — Кайда барасыз, баатыр? — деди Бермет абышкасынын жолун тороп (Сыдыкбеков). Каршы чыгып жолуман, Кармап алды колуман («Кедейкан»).
3. Сапар, жолоочулук, саякат. Жол жүрүү. Жолоочунун жолдо болгону жакшы. Жол азабы. Жол түйшүгү.
4. Аракеттин багыты, бир нерсенин өнүгүш, ийгиликке, жеңишке жетиш багыты, жөнү. Элиң үчүн нечен азап тарткансың, Эркиндиктин жолун туура тапкансың (Осмонкул). Байыркы салтын ташташып, Маданий жолго киришти (Осмонкул).
5. Белгилүү бир максатка жетүүнүн же кандайдыр бир иштин ыгы, амалы, методу. Алыстан келген жигиттер, Таанышуу жолун издеген (Шамшиев). Бирок кепти кантип келиштирип айтуунун жолун таба албады (Каимов).
6. Жазуусу бар же жазыла турган (сызыктуу) кагаздын саптары. [Динар баракты].. ачып караса, биринчи барактын эң башкы жолуна Аскардын аты жазылган (Сыдыкбеков). Биздин ырдын, Ар жолунда терең сыр (Аалы).
7. Тилке-тилке болуп түшүрүлгөн из, катар, сап. Жол-жол чыт. Жол-жол көчөттөр.
8. Мүмкүнчүлүк, уруксат. Сүйлөөгө жол берүү. Жалкоолукка жол бербөө.
9. Бир нерсе берип сыйлоо, сый кылып берилген белек. Аздыр-көптүр жолуңарды кылам (Жантөшев). Колдон келсе жолуңузду кылсак болот эле (Жантөшев).
♦Жол кире — жол акы, жол жүргөндүгү үчүн төлөнүүчү акы. Темир жол 1) поезддер жүрүүгө ылайыкталып жасалган рельсалуу жол; 2) темир жолдорду жабдуу, алар аркылуу болгон жол катнашуу жактарын тейлөө ж.б. иштерди жүргүзүүчү мекемелердин жалпы системасы. Ара жолдо калуу — көздөгөн жерине, максатына жетпей калуу, белгисиздик, олку-солкулук. Анын да сөөгү көмүлбөй ара жолдо калыптыр (Токтогул). Өлүү эмес же тирүү эмес, ара жолдо турам (Жантөшев) Жол жорго — кичине жоргологон жүрүш. Келбес жолго кетүү — кайра кайрылбоо; каза табуу. Өчөгүшкөн эски душман колунан, Көптөн бери даярдаган огунан, Келбес жолго жолдош Киров жол тартты (Турусбеков). Жолуна салуу — амалын таап жөнөтүп жиберүү, кутулуу. Сөйкөмдү бердим колуна, Зөөкүрдү салдым жолуна (Тоголок Молдо). Жолго коюу — тартипке салуу, ишти жөнгө салуу, ондоо. — Мунун негизги себеби эмнеде? — Бизде эмгекти уюштуруу иши жолго коюлбагандыктан (Каимов). Жол болсун? — кайдан, кандай жумуш менен келе жатасың деген мааниде. Акунжансыңбы? — Жол болсун, үкөм? (Байтемиров). — Жол болсун! — деди там үйдөн чыга келген Култай абышка (Убукеев). Жолуң болгур — өкүнүч түрүндө айтылган сөз. — О, жолуң болгур десе! Жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Жолуң ачылсын! — ишиң оңолсун, сапарың ийгиликтүү болсун деген мааниде. Кудай, ак жолуң ачылсын! (Сасыкбаев). Жолу улуу — салт жагынан улуулук жөнү бар. Кыздын жолу улуу болот, — деп күлүмсүрөдү [Чолпон] (Байтемиров). Жолу болуу — иши ордунан чыгуу, олжолуу болуу. Жол тартуу — сапарга чыгуу, жөнөө. Эми жол тартканы турасыз го? — деп Алымкул ордунан турду (Абдукаримов). Мунуңа жол болсун! — бул эмне кылганың! Дагы эмнени чыгара койдуң! Жол башчы — жетекчи. Жол башчыбыз партия, Акылы мол дарыя («Жазгыч акындар»). В. И. Ленин коммунизмдин жеңиши үчүн күрөштө коммунисттик партияны эмгекчилердин жол башчысы катарында карап, ага өтө зор маани берген («Коммунист»). Стеналарга жол башчылардын портреттери илинген (Каимов). Жол-жосун — тартип, эреже, каада. Жол-жосунун кылып узат.