Киргизско-русский словарь Юдахина
приблудный, отбившийся;
жолбун киши безродный, не помнящий родства человек;
жолбун мал приблудный скот;
жолбун иттей улуп кал! фольк. чтоб тебе выть, как отбившаяся (потерявшая хозяина) собака!;
жолбун алачык или жолбун үй тяньш. то же, что жолум.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Башка жактан кошулган, бөтөн, чоочун, адашып жүргөн, теги-түбү белгисиз. Жолбун мал. Мен да жолбундарды ээрчип, көрбөгөндү көрдүм («Ала-Тоо»). Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолдон, кошулган, чоочун, башка жактан келген, бөтөн, адашып жүргөн, кайдан экендиги белгисиз. Жолбун мал. Жолбун киши. Жакындан бери малчылардын айлында бир жолбун кара күчүк пайда болду (Осмоналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖОЛБУН АЙБАНАТТАР – ээсиз калган мүлктүн өзгөчө түрү. КР жарандык мыйзамдары боюнча, кароосуз калган же жолбун айбанаттарды же дагы башка ээсиз жаныбарларды кармап алган адам аларды ээсине кайтарып берүүгө, а эгер анын дареги белгисиз болсо, жаныбарларды кармап алгандан кийин 3 күндөн ашпаган убакта алар тууралуу, алардын ээлерин табуу чараларын көрүүчү милицияга же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү.