Киргизско-русский словарь Юдахина
жолум (или жолум үй) джуламейка (небольшая юрта без кереге, которая обычно ставится для конских и овечьих пастухов);
жолум үй тик- поставить джуламейку;
жолум үйдөй чоюнбаш, бир жагына байланган фольк. (богатырь) привязал себе с одного бока булаву величиною с джуламейку;
жолум үйдөй чоң даңкан төбөсүндө чыркырап фольк. ископыть (богатырского коня) величиной с джуламейку со свистом над ним пролетает.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чакан, кичирээк боз үй. Тез-тез орун алмашып көчүп-конуп же жортуулдап жүргөнгө ылайыкталып жеңил жасалган боз үй. Кээде кереге, түндүксүз эле ууктун баштары бириктирилип тигилген. Жолум үйдөй күрсү алган («Манас» С. К.). Жолум үй тик. Жарга тийген жеринен жолум үйдөй из калып (Жеңижок). Кеч бешимде Шамшы белинин тескейиндеги Туюк төрдө жылкычылардын жолум үйүнө түнөп түш оой айылга жакындашты. (Абакиров). Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен(«Эр Төштүк»). Жолум үйдөй даңканы, Кемпирди көздөп ыркырап («Эр Төштүк»).