Киргизско-русский словарь Юдахина
ач I
1. голодный;
ачмын или кардым ач я голоден;
ачтан өл- умереть от голода;
кеп жойлогон түлкү ачтан өлөт погов. много рыскающая лисица с голоду дохнет;
ач-жылаңач голодный и раздетый (как признак крайней бедности);
2. (в сочет. со словами, обозначающими яркий цвет) светлый;
ач кызыл светло-красный;
ач көз (или ачкөз) жадный, завистливый;
ач көздүк (или ачкөздүк) жадность, завистливость;
ачкөздүктөн алкыңды бузасың, ашыра жесең, кусасың фольк. жадностью нрав свой портишь, если же чрезмерно попьёшь (поешь), сблюешь.
ач II
ач бел необитаемый, пустынный горный перевал;
ач бел, куу жолдо өл! бран. пропади ты на пустынном горном перевале, на безлюдной дороге!;
ач талаа пустыня;
ач айбалта острый боевой топор;
ач болот острый меч;
ач билек сильная рука;
ач арстан рыкающий лев, разъярённый лев;
Ачбуудан Ачбуудан (кличка коня);
ач айкырык или ач кыйкырык неистовые выкрики, дикий крик, истошный крик.
ач- III
1. открывать, раскрывать; отпирать;
эшик ач- открывать дверь; отпирать дверь;
2. перен. обнаруживать;
көңүл ач- веселить сердце; приподнимать настроение;
уйку ач-
1) разогнать сон;
2) выспаться;
айыбын ач- вскрыть (его) вину;
...маселени ачып алуу керек ...вопрос нужно выяснить;
ооз ач- см. ооз I;
бет ач- см. бет 2.
ач- IV
проголодаться;
курсагы ачып (он) проголодавшись;
арыдык, жанды семиртчи, ачтык, курсак тойгузчу фольк. мы исхудали - ты нас поправь, мы изголодались - ты нас насыть;
арып-ачып см. ары- III.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Тамак жебеген, оокат ичпеген, ачка. Ач карышкыр. Кардым ач.
2. Ээн, эч нерсе жок. Ач бел. Ая талаа.
 Ач-арык — начар, жармач. Ач көз к. көз. Ач карын к. карын. Ач кынкырык — кулак-мээни жарган катуу кыйкырык, кулак жаңырткан катуу кыйкырык. Ач билек — ичке, назик кол. Ач болот — курч кылыч. Ач күзөн к. күзөн.
АЧ II этиш. 1. Жабык турган абалдан ачык абалга келтирүү. Тереземди ачтым дагы, Кремлди көрдүм мен (Маликов).
  1. 2.                  Кандайдыр бир мекемени, уюмду ж. б. түзүү, уюштуруу. Мектеп ачты. Жаңы уюм ачтык.
  2. 3.                  Мурун айкын болбогон нерсени табуу, айкындоо. Азыркы илим атом энергиясынын сырын ачты («Советтик Кыргызстан»).
  3. 4.                  Баштоо, ачык деп эсептөө. Абылов жыйналышты ачты.
  4. 5.                  Ашкерелөө. Төрөнүн бетин ачып, маскаралап, Кылмышын калтырбастан чукуп салат (Маликов).
  5. 6.                  Жазылуу, жайылуу. Байчечекей гүл ачты.
  6. 7.                  Бүктөлүү, жабылуу нерсени жазуу, оодаруу, жаюу. Алтындай китеп сен ачып, Ар күнү окуп жатканың (Маликов).
  7. 8.                  Жазылган, жайдары абалга келүү, кайгысын, капасын жазуу, таратуу, түнөрбөгөн абалга келтирүү. Көңүлүн ачты. Кабагын ачты. Көөнүн ачты. Кайгысын ачты.

Көз ачып көргөн бала — биринчи төрөгөн бала, биринчи төрөлгөн бала. Эч болбогондо көз ачып көргөн баласын маңдайынан бир сүйсөчү (Сыдыкбеков). Көз ачуу — жаңыдан таанып биле баштоо; окуганды билип калуу. Тагынып билим деген өткүр жарак Көз ачып аны менен алга барат (Абдыраманов). Көзүн ачуу — кандайдыр бир сыр көрсөтүү, сес көрсөтүү, коркуткандыгын билдирүү маанисинде колдонулуучу сөз. Аптыкпагын, Талым кыз, Ачмак болдум көзүңдү! (Тоголок Молдо). Ооз ачуу — 1) бирдеме деп сүйлөө, сөз айтуу, анча-мынча бир нерсе айтуу. Ооз ачкан жок. Кыңк этип ооз ачпады; 2) орозо маалында кечкисин же таңкысын тамак ичүү; тамак ичип коюу. Оозун ачып калуу — таңданып калуу, эмне кыларын билбей калуу. Марфа.. куюлуштура сүйлөгөндө Ашыр оозун ачты да калды (Сасыкбаев). Сабатын ачуу — окуганды, жазганды билип калуу, окуй жана жаза билүүгө үйрөнүү. Карысаң да Бизге, энеке, керексиң, Сабатыңды ачып кетем, окусаң! (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамактанбаган, оокат ичпеген, карды ачка. Ач карышкыр. Ач тоюнат, арык семирет (макал). Ач калгандыкы кеч калат (макал). 2. Ээн, эч нерсе өспөгөн, жан-жаныбар жашабаган. Ач бел. Ач талаа.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жабык нерсени ачык абалга келтирүү. Барпы сандыгын ачып, алтын сөйкө, шакек алып чыкты (Байтемиров). Таңга жакын Акбар эшигин ачып, «ата» – деди (Убукеев). О Батыш! Окуп бер деп ушул катты, Карматты бир конвертти айрып ачып (Маликов). 2. Оролгон, бүктөлгөн, катталган нерсени жазуу, жайып коюу. Ар күнү газетанын ачып бетин, Карасам улам жаңы келет сезим (Нуркамал). Ача салсаң дептерин: Жалаң «4», «5» жаркырайт (Осмонов). Байчечекей гүл ачты («Ала-Тоо»). 3. Башта белгисиз, эч ким билбеген нерсени табуу, белгилүү кылуу. Ала-Тоонун кендерин ачышты. Азыркы илим атом энергиясынын сырын ачты. 4. Кандайдыр бир мекемени, ишкананы ж. б. түзүү, жаратуу. Мектеп ачты. Жаңы уюм ачты. 5. Баштоо, ачык деп жарыялоо. Мектептин директору педсоветти ачып жатып отургандарды кыдырата бир карап койду (Мавлянов). 6. Жайдары абалга келүү, кайгы-капасыз болуу, көңүл жазуу. Кайсы күндө жаркырап Кабагымды ачамын? (Токтогул). Ошого сөөлөттүүлөр борсулдашып Күлүшүп күүлдөшүп көңүл ачат (Маликов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. развилина; раздвоенный;
ача туяк см. туяк 1;
2. южн. промежуток между ягодицами, между верхней внутренией частью ног человека;
3. (точнее кызыл ача) карт. червы;
ачанын тузу туз черв;
тилегибиз бир болсо да, тагдырыбыз ача чечилди желания наши были одни и те же, но судьба наша решилась по-разному;
эки ача ой бар существует два различных мнения;
эки ача сүйлөбөгөн убадага бек турган стих. он надвое не говорил, обещаний держался крепко;
сөзүнүн аягы беш ача, түшүнбөдүм конец его речи противоречивый, я не понял.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Картанын төрт түрүнүн жүрөк формасындагы бир түрү. Ачанын тузу.
АЧА II сын. Учу экиге айрылган; экиге ажыраган. Ача бакан. Ача жол.
Ача туяк — туягы экиге ажырап турган сүт эмүүчү жаныбарлар. Эки ача — 1) экиге айрылган; 2) эки түрдүү, бир беткей эмес, эки анжы. Ал эки ача сүйлөбөгөн.. жигит болгон (Бөкөнбаев). Ой эки ача болуп турат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. АЧ АЙКЫРЫК, КУУ СҮРӨӨН ­Мындан ары чыдоого мүмкүн эместигин туйгузуп, ач айкырык салып, кырчылдаша талап койду (Бейшеналиев). Аалам чаап дуу болуп, Ач айкырык чуу болуп («Олжобай менен Кишимжан»). Жети асаба туу алып, Жеткен жердин баарына, ач айкырык чуу салып («Манас»). Ач кыйкырык. Адамдын чынбы же калппы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай торгоп турду (Жусупов). Адамдар да темирге окшоп алга сойлошту: ач кыйкырык, чаң, түтүн уюду (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу, сүрдүү, айбаттуу чыккан ачуу үн, кулак-мээни жарган үн, кулак-мээни жарган ызы-чуу. Ач айкырык куу сүрөөн, Атса мылтык өтпөгөн («Манас»). Асмандан түшкөн эмедей, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Алмамбеттей Күлчоро, Айкырыкты салды дейт («Манас»). В.: Ач айкырык. Мындан ары чыдоого мүмкүн эместигин түшүнүп, ач айкырык салып, кырчылдаша талап койду (Бейшеналиев). Аалам чаап дуу болуп, Ач айкырык чуу болуп («Олжобай менен Кишимжан»). Жети асаба туу алып, Жеткен жердин баарына, Ач айкырык чуу салып («Манас»). Адамдын чынбы, же калппы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай торгоп турду (Жусупов). Адамдар да Темирге окшоп алга сойлошту: ач кыйкырык, чаң, түтүн уюду (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу, сүрдүү, айбаттуу чыккан ачуу үн, кулак-мээни жарган ызы-чуу. Ач айкыырык, куу сүрөөн, Атса мылтык өтпөгөн («Манас»). Асмандан түшкөн эмедей, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Алмамбеттей Күлчоро, Айкырыкты салды дейт («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тамак жетишпегендик, тамак-аш тартыш болуп, элдин карды тойбогон оор абал, кыйынчылык. Быйылкы ачарчылык томаяктарды биротоло томсортту (Абдукаримов). Ачарчылыктын залдарынан элди келте оорусу каптай баштады (Элебаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде ачарчылык, аччылык, ачкалык деген сөздөр бирдей мааниде колдонула берет. Алтай тилинде алардын маанисин ачана сөзү туюнтат. Кыргыз тилинде бул сөздөрдүн антоними болуп токчулук сөзү колдонулат, тоёрчулук, токтук формалары айтылбайт же синонимдеш маани бере албайт. Ушуларга караганда ачарчылык сөзү ач+ар+чалак бөлүктөрүнөн турат. Анын ач уңгусу «ачка» маанисин берет, атоочтуктун -ар мүчөсү -чылык мүчөсү менен бирге жалганып, ачарчылык сөзү жасалган. Башка сөздөрдө бул мүчөлөр биригип айтылып, жаңы сөз жасашы учурабайт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧА-ТАШ — топоним. Кыргыздар Ала-Тоону калмак кандыктарынан бошоткондо: Анжым калмак элин А.-Т-тын белинен багындырып, олжо алышканы айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 511-б.).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧ-БЕЛ, Күмсаранын Ач-Бели — топоним. Бээжинге Чоң казат менен бараткан кол басып өткөн жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 4. 143).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч айла табылбаган катаал шарт, жер шартынын катаалдыгы, кыйынчылык, азап-тозок. Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов). Ажың кабылдабай эрме чөлдө сөөгүң сөпөт, ач бел, куу жондо калсаң эмне! (Бейшеналиев). Тукумуңду жерибе, ач бел, куу жонго таштаба, агыны катуу суудан сакта, ниети бузук жоодон сакта (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч айла табылбаган катаал шарт, жер шартынын катаалдыгы, кыйынчылык, азап-тозок. Башың баш, багалчагың кара таш! Ач бел, куу жондо өл! (Айтматов). Ажың кабылдабай эрме чөлдө сөөгүң сөпөт, ач бел, куу жондо калсаң эмне?! (Бейшеналиев). Тукумуңду жерибе, ач бел, куу жонго таштаба, агыны катуу суудан сакта, ниети бузук жоодон сакта (Айтматов). В.: Ач бел, куу жол. – Ач бел, куу жолдо калат деген ушубу? («Кыргызстан маданияты»). Сендей пейли тарлар ач бел, куу жолдо калып, өлгөн эшектин кулагын бышырып жейт! – деди Куйручук (Бектенов). Ач бел. Адам жүрбөс ач белде, кузгун учпас куу көлдө, Сен экөөбүз тең өлдүк («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Билектин ичке жери. Эки жигит аттарын туйлаттырып, ач билектен алып тартышканда аттар ордунан жыла алышпай калышты (Каимов). Абакеңиз Эр Кошой, Ач билектен алганы («Манас»). Бара турган эрине Ач билектен сүйрөтүп Алып барып беремин («Семетей»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧБУУДАН — Жолойдун жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү. Негизги варианттардын бардыгында айтылат. А. Жолойдун эрдик иш-аракеттерин идеялдаштырууда ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Айрым варианттарда А-дын байыркы образына таандык магиялык жана жомоктук-фантастикалык элементтер сакталган эмес. Негизинен күлүктүк сапаттары (арыбастыгы, күлүктүгү, күч-кубаттуулугу жана башкалар) гиперболалык ыкмада сыпатталат. А-дын ар түрдүү жагдайларда (каарман минип баратканда, душман менен бетме-бет кармашып жаткан учурда, душманды кууп же андан качып бара жатканда, күлүккө чапкан мезгилде жана башкалар) мүнөздөлүшү менен анын жеке өзүнө таандык касиеттери көрүнөт. Анын жекече сапаты «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабышта элестүү ачылат.
Б. Жумабаев. Ачбуудан (Жолойдун аты)</b>.
Б. Жумабаев. Ачбуудан (Жолойдун аты).
А. белгилүү күлүктүн бири катары чубатуудан өткөрүү мезгилинде жана баш байгелүү орундардын бирине ээ болушуна учкаяктыгы, арыбастыгы өтө чебер, жогорку көркөмдүктө сүрөттөлөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
голодный;
ачкасы жок, баары ток фольк. (среди них) голодных нет, все сыты;
курсагым ачка я голоден;
ачка жүргөнчө, айранга талкан чалып (или нан сындырып) ичкен артык чем голодать, лучше в айран толокна замешать (или хлеба накрошить) и пить;
ачканын аңы жүрбөйт погов. голодному охота (ловля) не удаётся;
тойго барсаң, тоюп бар; ашка барсаң, ачка бар погов. если на пир идёшь, иди сытым, если на поминки идёшь, иди голодным;
ачка бол- быть голодным;
ачка кой- оставить голодным, заставить голодать.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Биринчи келип түшкөн жери (көбүнчө келиндерге карата алгачкы келин болуп келген үйүң деген мааниде). Ачкан эшик, аттаган босогоң, ушул жерден агарып-көгөрөрүңө жакшы, тынч отуруп бер, балам - дешип, сакалдуу байбичелер кызды жоошутуп жатышты («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биринчи келип түшкөн жери (көбүнчө келиндерге карата алгачкы келин болуп келген үйүң деген мааниде). Ачкан эшик, аттаган босогоң, ушул жерден агарып-көгөрөрүңө жакшы, тынч отуруп бер, балам, – дешип, сакалдуу байбичелер кызды жоошутуп жатышты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ой-боюна койбоо, жабышып, суранып артынан калбоо, асыла берүү. Келин ач кенедей асылып жатып Күлүканга катты алдырган болчу («Ала-Тоо»). В.: Ач кенедей жабышуу. Качууга аракет кылсам дагы, ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев). Акидей асылуу. Жакшылап үйрөнөм деп акидей асылганынан огу жок мылтыгымды да бергем (Тойбаев). Дем алыш күнү келген Үпөл акидей асылып жатып Калыйманы конокко чакырып кетет (Бердикеев). Көрөөр замат акидей асылдым: – Мырзаке, эптеп кызымдын тушоосун кесип бербесең болбойт («Ала-Тоо»). Ач кенедей жармашуу. Ач кенедей жармашып, Жадаттыңар айылды (Токтогул). Ач күсөндөй асылуу. Ошону алып бер деп, ач күсөндөй асылды. Чап кенедей жармашуу. Ага чап кенедей жармашты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сугалак, дүнүйөкор, нысапсыз, көзү тойбогон, ар нерсеге көз артканын койбогон. Ач көз атасын аябай дал келтире кордоп, өчүмдү алып бердиң (Бейшеналиев). Менин колумдан келсе, мына бу дүнүйөкор, ач көздөн бечара дунганды бошотуп алууга даяр элем. (Элебаев). Эч нерсеге тойбогон ач көз мына, Чокко түшкөн чычкандай куйкаланган (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сугалак, дүнүйөкор, нысапсыз, көзү тойбогон, бир нерсеге көз артканын койбогон. Ач көз атасын аябай дал келтире кордоп, өчүмдү алып бердиң (Бейшеналиев). Менин колумдан келсе, мына бу дүнүйөкор, ач көздөн бечара дунганды бошотуп алууга даяр элем (Элебаев). Эч нерсеге тойбогон ач көз мына, Чокко түшкөн чычкандай куйкаланган (Т. Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Нысабы жоктук, сараңдык, дүнүйөкорлук, сугалактык. Алар акчанын, ач көздүктүн кулу, жылдан жылга кымыздын баасын өйдөлөтүшкөнү аз келгенсип, адамдын ден соолугуна зыяндуу көбүрмө-жабырма заттарды кошуп ийүүдөн да тартынышпайт («Советтик Кыргызстан»). Куттуу жерин тытып-тоноп, Гитлердин ач көздүгү ашынды (Өмүрбаев). Ал жөн эле турган жок, айланасына ач көздүк менен көз жүгүртүп турат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Нысабы жоктук, сараңдык, дүнүйөкорлук, сугалактык. Алар акчанын, ач көздүктүн кулу, жылдан жылга кымыздын баасын өйдөлөтүшкөнү аз келгенсип, адамдын ден соолугуна зыяндуу көбүрмө-жабырма заттарды кошуп ийүүдөн да тартынышпайт («Кыргыз туусу»). Ал жөн эле турган жок, айланасына ач көздүк менен көз жүгүртүп турат (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧКУЛА — Алмамбеттин Манаска келишиндеги эпизоддо жаңы келген канга тартуу берүү салты менен тартууга берилген тогуз аттын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иштин убаракерчилигин, түйшүгүн, азап-тозогун тарткандан көрө, ага аралашпай, кийлигишпей, жолобой коюу керек деген мааниде колдонулат. Базардагы ишибиз ал болсо, аяк жерге тийбей, тил оозго батпай турганда ач кулактан тынч кулак (Тойбаев). Ач кулактан тынч кулак деп байлап берип кутулгандар. (Бейшеналиев). Ажыбек айткандай, ач кулактан тынч кулак, жоопкерчиликти алып кереги эмне (Кушубеков). Ач кулактан тынч кулак, андан көрө аяз жамынып, ак кар, көк муз жазданып, ремонтту бүтүргөнүбүз эле оң, – дешет («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир иштин убаракерчилигин, түйшүгүн, азап-тозогун тарткандан көрө, ага аралашпай, кийлигишпей, жолобой коюу керек деген мааниде колдонулат. Базардагы ишибиз ал болсо, аяк жерге тийбей, тил оозго батпай турганда ач кулактан тынч кулак (Тойбаев). Ач кулактан тынч кулак деп байлап берип кутулгандар.. (Бейшеналиев). Ажыбек айткандай, ач кулактан тынч кулак, жоопкерчиликти алып кереги эмне (Кушубеков). -Ач кулактан тынч кулак, андан көрө аяз жамынып ак кар, көк муз жазданып, ремонтту бүтүргөнүбүз эле оң - дешет («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кисловатый, с кислым привкусом;
ачкыл жарма кислая жарма (см.);
ачкыл ичип, жыргадым; арак ичип, куунадым фольк. пил я кислое и наслаждался, пил я водку и веселился;
2. (иногда) то же, что бозо;
3. южн. то же, что максым I;
4. перен. спиртное.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Карагаттын, кымыздын даамына окшогон кычкыл даам. Ачкыл алма. Ачкыл жарма. 2. Ачытылган жарма, айран, кымыз, бозо ж. б. Ачкыл жасоо. Айымбүбү сыр чөйчөккө ачкыл куюп келип Жапарга сунду (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кулпуну ачып-жабуу үчүн колдонулуучу металлдан жасалган тетик. [Батыш].. ачкычын таба албай убара болду (Байтемиров).
  1. 2.                  Гайканы же башка бир тетикти ачуу, буроо үчүн ылайыкталып жасалган аспап.
  2. 3.                  өт. Белгилүү бир нерсени түшүнүүгө, сырын ачууга жардам берүүчү жол, ык. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Мына, таалай ачкычын колго алат деген ушул (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кулпуну жаап ачыш үчүн колдонулуучу тетик. Батыш ачкычын таба албай убара болду (Байтемиров). 2. Гайканы же башка тетикти бурап бекитүү же чыгаруу үчүн колдонулуучу темир аспап. 3. өт. Белгилүү бир нерсени түшүнүүгө, сырын ачууга жардам берүүчү жол, ык. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда (Сыдыкбеков).

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
Key Management Service (noun)
An optional Microsoft Exchange 2000 Server component that is installed on a designated server in an administrative group. It provides centralized administration and archival of private keys, and maintains every user s private encryption key in an encrypted database. The keys are used for encrypting e-mail messages and signing messages with digital signatures.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачкыч жасаган адис. Ачкыччыга барсаң, көз ачып жумганча жасап бере коёт. 2. Ачкычы жоголуп ачылбай калган кулпуларды талкалабай ача турган адис. Ачкычын жоготуп алдым эле, ачкыччы талкалабай гана ачып берди.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЧ-МАРАЛ — топоним. «Каныкейдин жомогунда»:
Калың кытай козголуп,
Иле бойлоп жол жүрүп,
Ач-Маралды басканда,
Төрт түлүктү чачканда (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 181)
делип Чубак Манаска тарынып өз жерине кетип калганын уккан Коңурбай Манасты капыстан чаап алмак болуп Таласка келе жатканда басып өткөн жерлердин бири.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сугалак, ачкарак, ач көз. Толгон-токой айыл чарба жумуштарына катышканы менен алардын үзүрлүү эмгегине ырымдап тыйын-тыпыр төлөнөт да, калганы ач өзөк жетекчилердин жемсөөсүнө кирет («Кыргыз туусу»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ачуу I
1. горький; кислый; горечь; кислота;
ачууну ачуу басат погов. клин клином вышибай (букв. горькое подавляет горькое);
2. жгучий, едкий, вызывающий боль;
булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу погов. жгуче солнце, вышедшее из тучи, едко слово, сказанное дурным;
3. гнев, злоба;
ачуусу келди он обозлился;
ачуусу жаман злой, сердитый;
ачууну акыл жеңет погов. злобу ум побеждает;
иттин ачуусу куйругунан билинет, аттын ачуусу кулагынан билинет погов. у собаки думка (букв. злоба) в хвосте, а у лошади в ушах;
оң колуңдун ачуусун сол колуң менен карма погов. умей сдерживать свой гнев (букв. схвати левой рукой гнев правой руки);
ачуусун иттей алды он сорвал злобу на собаке;
ачууга тий- рассердить, разгневать;
ачууңа тийип койдумбу? я тебя рассердил?
ачууңа бекер тийипмин я тебя напрасно рассердил;
ачууңузду сурап калдык просим вас не гневаться, просим вас переложить гнев на милость;
ачууңузду бериңиз, жай сүйлөшөлү прошу вас не сердиться, поговорим спокойно;
алактаган көр Көбөш ачуусун жанга бербестен фольк. разъярившийся кривой Кобеш не поддавался уговорам смирить свой гнев;
эмнеге ачууңузду келтирдиңиз? почему вы разгневались?
мага ачууңду келтирбей эле кой брось злиться на меня;
ачуу кыл- то же, что ачуулан-;
ачуусу мурдунун учунда см. мурун I.
ачуу II
и. д. от ачы-
закисание, брожение.
ачуу III
и. д. от ач- III
1. открывание; отпирание;
2. перен. выявление, разоблачение;
айыбын ачуу выявление вины, разоблачение кого-л.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Каар, кыжыры кайнап каардангандык. Ачууну акыл жеңет (макал). Ачуудушман, акылдос, акылыңа акыл кош (макал).
АЧУУ II сын. 1. Даам сезүү органдарын дүүлүктүрүп, тызылдатуучу даам, таттуунун карама-каршысы.
2. Кулакка жагымсыз, катуу чыккан (үнгө карата). Бүбүш эне чый-пыйы чыгып, ачуу үнү менен эки-үч кыйкырып жиберди (Таштемиров).
Ачуу-таттуунун даамын татуу — турмушта жакшылык-жамандыкты көрүү.
АЧУУ III ачы этишинин кыймыл атоочу.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз азыр абдан өткүр даамга жана абдан катуу чыккан дабышка карата айтылат. Ал маанилеринин кайсынысы алгачкысы экенин кесе айтуу кыйын. Ошондой болсо да алардын даамга карата айтылганы алгачкысы, ал эми дабышка карата айтылганы метафора жолу менен кийин келип чыкканы деп болжолдоого болот. Ачы этишине сын атооч жасоочу -г мүчөсү жалганып, байыркы кезде ачык сөзү жаралган (ДТС, 4). Ал формасы ачык түрүндө өзбек тилинде жана өзбектерге коңшулаш жашаган кыргыз говорлорунда дагы эле айтылат. Ал эми кыргыз адабий тилинде болсо аяккы үнсүз тыбышы үндүүгө айланышынан ачуу деген сын атооч келип чыккан.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
этн. Кыз качып кеткенде кызды алган жак анын ата-энесинен кечирим суроо, алдынан өтүү, таанышуу максатында тийиштүү жол-жобосу менен келүү салты. Кыз барган айылдагы ичерман активисттерден беш-алтоо ачуу басарга жетип келишет экен («Чалкан»). Турсун куда ачуу басарына бир тай, бир кой, эки миң сом акча, эки ящик алып келет («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Кызды ата-энесинин макулдугусуз ала качып кеткенде кызды алган жак анын ата-энесинен кечирим суроо, алдынан өтүү, таанышуу максатында тийиштүү жол-жобосу менен келүү салты. Кыз барган айылдагы ичерман активисттерден беш-алтоо ачуу басарга жетип келишет экен («Чалкан»). Турсун куда ачуу басарына бир тай, бир кой, эки миң сом акча, эки ящик алып келет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүн-өзү кармай албай, токтоно албай жеңилип кетүү, сабырдуулук кыла албоо. Өкүмсүнгөн неменин ачууга алдырып тарс жарылганына, чабалдыгын билдирип үстөлдү сындыра муштаганына табам канды (Жигитов). В.: Ачууга жеңдирүү. Ачууга жеңдирип, ушундай жерди таштап кетип бараткандыгы үчүн, эс алуусун өксүткөндүгү үчүн ал өкүнүч сезимине кабылды(«Ала-Тоо»). Антүүгө жарабайт, паңсат аке. Сиз ачууга жеңдирип жатасыз (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. АЧУУГА АЛДЫРУУ ­Ачууга жеңдирип, ушундай жерди таштап кетип бараткандыгы үчүн, эс алуусун өксүткөндүгү үчүн ал өкүнүч сезимине кабылды («Ала-Тоо»), -Антүүгө жарабайт, паңсат аке. Сиз ачууга жеңдирип жатасыз (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө жан кейиткен кайгы-муңдан, азаптан чыккан жаш. Өткөн-кеткенди көз алдыга келтирген Батийнанын негедир ачуу жашы кылгырат (Сыдыкбеков). Эрксизден ачуу жашы чертиле түшкөн сайын Батийна ээн жолдо өзүнүн жападан жалгыз жол тартып келе жатканын бая эле унутуп салган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачуусун келтирүү, кыжырлануу, каардануу. Анда Жакып кеп айтат, Ачууланып бек айтат («Манас»). 2. Урушуп коюу, тилдөө. Иниңе ачууланып койбосоң, сөзүбүзду уккудай эмес («Чалкан»). Баласынын тентектигине чоң атасы ачууланып үйгө түшпөй койду («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. испытывать неприятное ощущение при излишнем употреблении кислого или горького; не любить кислое или горькое;
жаш бала кымызды, ачуурканып, ичпейт маленький ребёнок не пьёт кумыса, потому что не любит его кислого вкуса;
2. чувствовать жгучую боль;
Арчатору буудан да, ачуурканып камчыга, арышын катуу керди эми фольк. и скакун Арчатору, почувствовав боль от плети, поскакал быстрей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай жинденүү, өтө катуу ачуулануу. Кантсе да эттери ооруксунуп, ачуулары кайнап, чындап буулугушту (Бейшеналиев). В.: Ачуусу шакардай кайноо. Шакардай кайнап чыккан эмелеки ачуусун жаңы келининен ыйбаа кылуусу токтотуп турду (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Камыр, бозо ж. б. камыр туруш, ачыткы аркылуу кычкылдануу, кычкылданып кычкыл жыт чыгып кетүү. Чала ачыган бозодон, Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул).
Боору ачуу же жаны ачуу — аёо, боору ооруу, жан тартуу. Быштынын
шылкыны абдан куруганын көрүп [Мусабектин] жаны ачыды (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
киснуть, сквашиваться; горкнуть;
кымыз ачыды кумыс укис, перебродил;
балага боору ачыды ему стало жаль ребёнка;
жаны ачыган
1) он пожалел, он сжалился;
2) он озлобился;
ичи ачыр
1) проявляющий заботу (о человеке), заботливый;
2) жалеющий (человека);
ичи ачыр менде бири жок фольк. у меня нет никого, кто бы меня пожалел;
ага ичим ачыйт мне жаль его; мне больно за него.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачыткынын жардамы менен ачкыл болуу, көбүрүү (бозо, жарма, кымызга карата); көбүү (камырга ж. б. карата). Ачыбаган камырдай мисирейген жигит жигитпи? (Токомбаев). Жайлоо эмес, жаз экен, Ачыган кымыз аз экен («Манас»). Чала ачыган бозодон Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул). 2. Боор ооруу, күйүү. Жаның ачыса, ордуна өзүң барып отуруп бербейсиңби (Макенбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ачык I
1. открытый;
эшик ачык дверь открыта;
2. перен. ясный;
күн ачык день ясный, погода ясная;
ачык айт- или айкын-ачык айт- говорить прямо, говорить ясно, определённо;
өз позициясын айкын-ачык баяндаган свою позицию он изложил ясно;
3. (в сочет. со словами, обозначающими яркий цвет) светлый;
ачык кызыл ярко-красный;
ачык-көк ярко-синий;
ачык ооз болтливый;
ачык ооздук болтливость;
көзү ачык киши прозорливец, ясновидец;
ачык жигит чистосердечный, бесхитростный парень, рубаха-парень;
кабагы ачык см. кабак I.
ачык II
южн.
то же, что ачуу I;
ачык от название травянистого растения.
ачык- III
проголодаться;
аш кадырын ачыккан билет погов. ценность пищи познаёт проголодавшийся;
ар мүнөзү Жолойдун ачыккан көк жал бөрүдөй фольк. по нраву (богатырь) Джолой подобен голодному сивогривому волку.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Жабык эмес, жабылбаган. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Айланасында эч нерсе жок, бош, ээн. Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев).
  2. 3.                  Жашыруун эмес. Ачык добуш берүү. Ачык нааразылык көрсөтүп чыгуу.
  3. 4.                  Каалоочулардын баары катыша турган. Партиянын ачык чогулушу.
  4. 5.                  Булутсуз, эч булут жок. Асман саратан жайдагы Соң-Көлдүн түзүндөй мелтиреп тунук, ачык (Бейшеналиев).
  5. 6.                  Даана, айкын. Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып бирдемелерди айтып калат (Сыдыкбеков).
  6. 7.                  Уялчаак эмес, айтар оюн шар айткан, ичинде сактабаган. Адылачык мүнөздүү.. салмактуу жигит (Сыдыкбеков).

Айдан ачыкк. ай I. Кабагы же көңүлү ачык — көңүлү көтөрүңкү, шат, көңүлдүү. Ачык-айрым — оюн ачык айткан, сыр сактабаган, жайдары. Ачык ооз — аркы-беркини көп байкабаган, аңкоо, элегей. Колу ачык — берешен, март, жоомарт, эч нерсени аябаган. Көзү ачык — 1) диний түшүнүк боюнча: ар кандай жин, шайтанды ж. б. көрө билген. Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт (Аалы); 2) көптү билген, келечекти көрө билген, ар нерседен кабары бар. «Кум бириксе таш болот, кул бириксе баш болот,дечү экен көзү ачык бабаларыбыз (Аалы). Көзү ачык кетүүк. көз. Маңдайы ачык же ачык жүздүү — жайдары, пешенелүү; көңүлү куунак.
АЧЫК II ачуу II менен бирдей.
АЧЫК III этиш. Курсагы ачуу. Манас сага келгени, Арык элек семирдик, Ачыккан элек, тоюндук («Манас»).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
ачык (даана, айкын)
ачык айтып, ак сүйлөө
ачык ачкыч (комп.)
ачык-айкын
ачык-айрым
ачык-жарык
ачык жашыл
ачык жүздүү
ачык кол (колу ачык)
ачык көк
ачык кызыл
ачык муун тил.
ачык ооз
ачык ооздук
ачык сабак (пед.)
ачык системалар
ачык теориясы
ачык үндүүлөр
ачык шаар (ук.)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жабык эмес, жабылбаган, бекитилбеген. Кызыл үйдүн эшиги ачык экен (Сыдыкбеков). Ороонун оозу ачык бойдон калган («Ала-Тоо»). 2. Айланасы тосулбаган, ээн, бош. Биздин эл көчүп келип, кыштоодон алыскы ачыктарга коно башташты (Жантөшев). Боз тикендүү ачык талаа (Турусбеков). Ат баккандар аттарын короодогу ачык жерге чыгарыптыр (Убукеев). 3. Тартынбаган шар, уялчаак эмес, оюн жашырбай шар айткан. Ачык жигит. Түшүнбөйм мен силерге эмки балдар, Кандайдыр бир башкача ачыксыңар (Осмонов). 4. Жаан-чачыны жок, бүркөк эмес. Күн ачык, булут жок. Асман мелтиреп тунук (Бейшеналиев). 5. Даана, айкын, каргылданбаган (үнгө карата), күңүрт эмес (өңгө, түскө карата). Коңгуроодой ачык үнүн чыгарып, бирдемелерди айтып жатат (Сыдыкбеков). Ачык кызыл боёк менен боёлгонсуп, талаа кызгалдакка көрктөнөт(«Ала-Тоо»). Ачык көк сырдын өңүндөй («Чалкан»). 6. Жашыруун эмес, элдин, көпчүлүктүн алдында, көрүнөө. Ачык добуш берүү. Ачык кат. Ачык сүйлөшүү. Ачык иштөө. Эркин эч кандай чектөөсү жок, башкалар да катыша берүүгө боло турган. Жамааттык ачык чогулуш. Ачык сабак.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Курсагы ачуу, тамак-аштан кемчил болуу, кыйноо тартуу. Арык элек – семирдик, Ачыккан элек – тоюндук («Манас»). Ким билет ачыгып жортуулдап жүргөн бир жырткыч чыгар, кол салышы мүмкүн (Баялинов). Келген аялда ачыккан адамдын түсү бар (Элебаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК АБА МЕЙКИНДИГИ – деңиз менен чектеш жаткан мамлекеттердин деңиз аймагынын чегинен сырткары жайгашып, бир дагы өлкөнүн аймагына кирбей турган жер атмосферасынын бир бөлүгү. 1958-жылкы Ачык деңиз тууралуу Женева келишиминин 2-статьясына жана 1982-жылкы деңиз укугу боюнча БУУ Конвенсиясынын 87-статьясынын 1-b-п. ылайык, (же эларалык ачык аба мейкиндиги) А. а. м-де баардык өлкөлөрдүн учактары эркин учуп жүрө алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК-АЙКЫН КОНКУРС – жолжобосу аны ачууда жана шарттарын жарыялоодо катышуучуларынын болуусун, ошондой эле конкурстун негизги жыйынтыктарын басма сөздө ачык жарыялоону талап кылган конкурс.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюндагысын ачык, шар айткан, түнт эмес, жайдары. Ачык-айрым жигиттин Кылган иши шар болот(Осмонкул). Өмүрлүккө сайрандайсың, күлөсүң, Ачык-айрым тамашакөй мүнөзүң (Элебаев). Ачык-айрымдыгы түштүктүн аялдарына окшобойт (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой баяндоо. Азамат болсоң боз балдар, Ачык айтып, ак сүйлө (Токтогул). -Кана, молдоке, ачык айтып, ак сүйлөңүз (Бейшеналиев). 2. Кандайдыр бир жакшылык кабар, сүйүнтө турган кеп угууну үмүт кылып, кимдир бирөөгө кайрылууда колдонулат. Эми ачык айтып ак сүйлөнүз, селки мени жерисең өз эркиң, бирок ырчы деп жерий албайсың (Айтматов). Ачык айтып, ак сүйлө, жеңе, абысының ымалага келгидейби? (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой баяндоо. Азамат болсоң боз балдар, Ачык айтып, ак сүйлө (Токтогул). – Кана, молдоке, ачык айтып, ак сүйлөңүз (Бейшеналиев). Эми ачык айтып ак сүйлөңүз, селки деп мени жерисең өз эркиң, бирок ырчы деп жерий албайсың (Айтматов). Ачык айтып, ак сүйлө, жеңе, абысының ымалага келгидейби? (Бердикеев). Ачык айтып, ак сүйлөп, Айтчы, сынчым, кебиңден («Эр Табылды»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМ – акционердик коомдун катышуучулары өздөрүнө таандык акцияларын коомдун башка акционерлеринин макулдугусуз эле ажыратып алууга укуктуу болгон акционердик коом. Мындай акционердик коом өзү чыгарган акцияларга ачык жазылуу жүргүзүүгө жана аларды мыйзамда белгиленген шарттарда эркин сатууга укуктуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК БАЗАР АТКАРЫМДАРЫ – банктардын акча-кредит саясатынын негизги аспаптарынын (усулдарынын) бири. Казыналык векселдерди, мамлекеттик облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу, баалуу кагаздар менен кыска мөөнөттүү аткарымдарды жүргүзүү. КРде бул аткарымдар КРУБ тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Открытая валютная позиция (Open currency position) —Неравенство активов и обязательств в соответствующих валютах на определенную дату. Открытая валютная позиция может быть короткой и длинной. Короткая валютная позиция представляет собой превышение обязательств над требованиями в соответствующих валютах на определенную дату, а длинная валютная позиция –превышение требований над обязательствами в соответствующих валютах на определенную дату.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ДЕҢИЗ – аймактык деңиз чегинен сырткары жайгашкан жана баардык өлкөлөрдүн экономикалык тилкеси гана болуп саналган дүйнөлүк океандын бир бөлүгү. 1958-жылкы Ачык деңиз тууралуу Женева Конвенциясынын 2-статьясына ылайык, А. д. баардык өлкөлөр үчүн эркиндик принцип боюнча ачык.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК КОНКУРС – аткарууга жумуш, тапшырык ж. б. алууну каалоочулардын баары тең катыша алган юридикалык жана жеке жактар – ишкердик субъекттери жана алардын конкурска катышуу үчүн атайын түзүлгөн өз ыктыярдуу максаттуу бирикмелери (консорциум ) катыша алган конкурс. Эреже катары, А. к-тун жеңүүчүсүн тандоо катышуучулар жок учурда жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК КРЕДИТ – туруктуу контрагенттер ортосундагы эсеп-кысапта колдонулуучу коммерциялык кредит; карыз өлчөмү вексели жол-жоболоштурулбаган сатуучуга кириштелет; жоюу тартиби контрагенттер арасында макулдашылат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Укканын ичине сактап тура албаган, билген-көргөнүн айта берген бош ооз. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркы-беркини байкабаган аңкоо, элегей. 2. Ичине сөз турбаган, оозу бош, сөз жашыра албаган. Анан эмнегедир ушул ачык ооз, орой, жек көрүндү адамдар байкемди араларына кошуп алганына ичим күйөт (Жусупов). Ачык ооз жигит көрүнөт, бажылдап эле сүйлөй берет экен (Бердикеев). Акиш, сен ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа («Кыргызстан маданияты»). В.: Оозу ачык. Оозу ачыктардын бири мен, сиз мени абайлаңыз («Кыргызстан маданияты»). – Оозу ачыктын бири мен эмесмин, – деди Надя (Байтемиров). Оозу бош. Оозу бош немеге балдарды кантип «кой дешке» эрки жетет? Өзүңүз ойлоңузчу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ичине эч нерсе сактап тура албагандык, уккан-билгенин айта бергендик. Ай ушунун ачык ооздугу түпкө жетмек болду го! – деп чал кейий баштады («Ала-Тоо»). Андай ачык ооздук Акбилек айымдан болбосо, башкаларыбыз кулпулаган таш эмеспизби, – деди Жутаке миң башы (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ичине эч нерсе сактап тура албагандык, уккан-билгенин айта бергендик. Ай ушунун ачык ооздугу түпкө жетмек болду го! - деп чал кейий баштады («Ала-Тоо»). Андай ачык ооздук Акбилек айымдан болбосо, башкаларыбыз кулпулаган таш эмеспизби, - деди Жутаке миң башы (Жантөшев).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Операции на открытом рынке (Open market Operations) —Инструмент денежно-кредитной политики, используемый для регулирования ликвидности банковской системы путем покупки-продажи государственных ценных бумаг. Проводятся по инициативе центрального банка.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ЧЕЧМЕЛӨӨ – ченемдикти чечмелөөнүн бир түрү (аутентикалык менен бир катар); мыйзамдык мүнөзгө ээ болот жана ал тапшырылган же улуксат берилген субъекттер тарабынан ишке ашырылат. Алсак, КР Жогорку сотту мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелбесе да, ченемдик актыларды, а. и. мыйзамдарды (КР Жогорку сотунун Пленумунун түшүндүрмөлөрдү кабыл алуу укугу) чечмелөө укугуна ээ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЧЫК ЭСЕП – сатып алуучунун атына ачылган дебет эсепке карыз өлчөмүн киргизүү менен, сатуучу өз товарын жөнөтүп жибере турган жана анын дареги боюнча товар тескөөчү документтерин салып жибере турган кредиттик-эсеп мамилелеринин бир таризи. Келишимде каралган мөөнөт аралыгында же товар топтомун жөнөткөндөн кийинки белгилүү бир мөөнөт ичинде сатып алуучу карыздарынан бөлүк-бөлүгү боюнча жоюп турат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от ач- III
1. открываться, раскрываться, отпираться;
эшик ачылды дверь открылась;
конференция бүгүн ачылат конференция откроется сегодня;
гүл ачылды цветок расцвёл;
2. перен. обнаруживаться;
сыры ачылды его тайна обнаружилась; его вывели на чистую воду;
көөнүм ачылды мне стало весело, приятно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
ач II этишинин туюк мамилеси. Көрүндү үй, тоо аз-аздан Ачылган өңдүү көшөгө (Өмүрканов). Көгарт деген жерде интернат-окуу дегени ачылыптыр деп угам (Станалиев). Мен бири-бирибизге чечилебиз го, анан бизге рухту жаңыча түшүнүү ачылат деп күткөм (Айтматов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: ачылы-чүчүлү чаще перен. горький и сладкий;
ачылы жана чүчүлү таттың беле? ты испытал превратности жизни?
ачылы-чачылы вспыльчивый, раздражительный;
ачылы-чачылы киши болсо, урушат эле если бы он был человеком вспыльчивым, то поругал бы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: көз ачым мгновение, миг;
алты айлык болор азапты көз ачымда байкаган фольк. те муки, которые предстоят (ему) через шесть месяцев, он вмиг представил (себе);
Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, ошол үчөө болбосо, калганын көз ачымга койбойбуз фольк. если не считать троих - Алмамбета, Чубака, Сыргака,- с остальными мы справимся меньше, чем в мгновение.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ачын- I
возвр. от ач- III;
көкүрөгүн ачынып (он) открыв свою грудь.
ачын- II
возвр. от ачы-
1. испытывать разъедающую, жгучую боль;
2. испытывать боль, душевную горечь, обиду; обидеться;
ачынып алган Семетей ак жолборс чапкан эмедей, атырылып кекенип, Манастап ураан салыптыр фольк. разобидевшись, Семетей ринулся, угрожая, подобно белому тигру, и выкрикивал боевой клич "Манас!";
эти ачынып калды он очень озлоблен (напр. в результате обид, насмешек);
эти жаман ачынып, элиргенин билбедим фольк. я не заметил, чтобы он обиделся и чтоб разъярился;
алардын боору ачынды им стало жаль; они почувствовали жалость;
жаны ачынган озлобленный страданиями и обидами; обозлённый;
жаны ачынгандын жанына барба погов. к озлобленному не подходи;
ичим ачынып калды я очень досадовал; мне было очень обидно;
ызасы ачынып, сүйлөй албай турду от досады он не мог говорить;
бу дүйнөдө эмне кылып жүргөмүн деп, ызам ачынат когда подумаю о том, что я делал на этом свете, меня досада берёт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ооруксунуу, ачыша түшүү. Эти ачынган эр неме койсунбу, камчысын бүктөп чыга келбейби («Чалкан»). 2. Ызага батып, ачууланып жаалдануу (жанга баткан абал). Ачынып алган Семетей Ак жолборс чапкан немедей, Атырылып кекенип Манастап ураан салыптыр («Семетей»). Жаны ачынган кургурдун жанына жолобойлу дедик («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ачыр- I
понуд. от ач- III;
эшик ачыр- заставить открыть дверь;
жаан көз ачырбайт дождь глаз открыть не даёт (льёт и льёт).
ачыр- II
понуд. от ач- IV;
кардыңды ачырба не доводи себя до голодания.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуу, кычкыл даамдуу тамакты ичкенде, жегенде кычкыл даамдан улам сезгене түшүү, бети-башын бырыштыруу. Кыргыз да... ачырканбай кымыз ичет, Кучактап уктап калат бир жилик эт (Осмонов). Сатыкул ачырканса да айранды тартып жиберди (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ачы-
1. вызывать брожение, заквашивать;
тоют ачыт- силосовать корма;
ачыткан айран южн. то же, что жуурат I;
ачыткан боорсок см. боорсок;
2. вызывать жгучую боль.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ачыш I
и. д. от ач- III
1. открывание;
2. перен. выявление.
ачыш II
и. д. от ачы-
брожение (напр. кумыса); укисание.
ачыш- III
взаимн. от ач- III.
ачыш- IV
взаимн. от ачы-
испытывать едкую, жгучую боль;
жүрөгүм туз жегендей ачышат у меня щемит сердце;
ичи ачышып у него всё внутри кипит (напр. от обиды).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Дүүлүктүрүүчү, ачуу таасирден улам сезүү органдары тызылдап дүүлүгүп чыгуу. [Динардын].. көздөрүнүн кычыктары ачышып, каректерин жаш чайды (Сыдыкбеков).
Ичи ачышуу же жүрөгү ачышуу — ичи күйүү, ичинен сызуу, аянычтуу сезүү, аёо. Эртең саякатка барбай калсак жаман болду деп ичи ачышты (Сыдыкбеков). Ансайын жигиттин жүрөгү ачышат (Сыдыкбеков).
АЧЫШ II ач этишинин кош мамилеси.