Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой баяндоо. Азамат болсоң боз балдар, Ачык айтып, ак сүйлө (Токтогул). -Кана, молдоке, ачык айтып, ак сүйлөңүз (Бейшеналиев). 2. Кандайдыр бир жакшылык кабар, сүйүнтө турган кеп угууну үмүт кылып, кимдир бирөөгө кайрылууда колдонулат. Эми ачык айтып ак сүйлөнүз, селки мени жерисең өз эркиң, бирок ырчы деп жерий албайсың (Айтматов). Ачык айтып, ак сүйлө, жеңе, абысының ымалага келгидейби? (Бердикеев).